Нарын районундагы Нарын – Оруктам автоунаа жолунда айдоочу оор жүк ташыган машинеси менен өтүп баратканда кулаган “Куюш” көпүрөсү 21 күндө салынып, пайдаланууга берилет.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев 16-августта Эки-Нарын айылынын тургундары менен жолугушууда айтканын президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.
Ал темир көпүрө 3-4 айдан бери жасалып жатканын, эми коюларын айтууда.
13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, КамАЗдын айдоочусу 41 жаштагы Азамат Асанбеков сууга агып кетип, сөөгү 15-августта Нарын дарыясынан табылды.
Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышууда.
Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирүүдө. Мекеме көпүрөнү оңдоого 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөнүн, ушул тапта иштер жүрүп жатканын кабарлаган. (BTo)
Шерине