Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:40

Нарында дарыяга машинеси менен түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылды


Маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тапты.
Маркумдун сөөгүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлери тапты.

Нарын районундагы Нарын – Оруктам автоунаа жолундагы “Куюш” көпүрөсү сынып оор жүк ташыган машинеси менен Нарын дарыясына түшүп кеткен айдоочу Азамат Асанбековдун сөөгү 15-августта табылды.

Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлап, 41 жаштагы маркумдун сөөгүн Нарын облусунун Ак-Кыя аймагынан милиция кызматкерлери суудан алып чыкканын билдирди.

13-августта Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, КамАЗдын айдоочусу сууга агып кеткен.

Жергиликтүү тургундар көпүрөнүн коопсуздук шарттарына жооп бербей калганы тууралуу бийлик органдарына бир нече жолу кайрылганын, бирок убагында чара көрүлбөгөнүн айтышууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул көпүрө аркылуу оор жүк ташуучу машинелерге чектөө коюлганын, айдоочу ага карабастан көпүрөдөн өткөнүн билдирүүдө. Мекеме көпүрөнү оңдоого 5-августта тендер жарыяланып, 11-августта өткөрүлгөнүн, ушул тапта иштер жүрүп жатканын кошумчалады. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG