Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:21

Жалал-Абадда университеттерден 2 606 студент окуудан чыгарылды


Канторо Токтомаматов атындагы эл аралык университети.
Канторо Токтомаматов атындагы эл аралык университети.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Жалал-Абад шаарындагы жогорку окуу жайларында университетке келбеген жана чет өлкөдө жүргөн 2 606 студент окуудан чыгарылганын билдирди.

Ага ылайык, Жалал-Абад мамлекеттик университетинен (ЖАМУ) 1 142, Канторо Токтомаматов атындагы эл аралык университетинен 895, Заманбап эл аралык окуу жайынан 497, Борбордук Азия эл аралык медициналык университетинен 58, Жалал-Абад эл аралык окуу жайынан 14 студент окуудан чыгарылды.

Андан тышкары кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарган эмес деген негизде төрт мугалим жумуштан алынды.

Буга чейин атайын кызматтын текшерүүсүнүн жыйынтыгында Баткен мамлекеттик университетинен (БатМУ) жана анын тиешелүү түзүмдөрүнөн 2170 студент, Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардан 13 295, Ысык-Көл облусундагы ЖОЖдордон 941, Кыргыз улуттук университетинен 2700дөн ашуун, Исхак Раззаков атындагы техникалык университеттен 153, Нарын мамлекеттик университетинен 300дөн ашуун студент окуудан чыгарылган.

“Жел эсептеги” миңдеген студенттер сабакка катышпаган же академиялык карызы бар деп аныкталган. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG