Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Чолпон-Ата саммити: ЕАЭБ чектөөлөрү, Орусиянын мүдөөсү


ЕАЭБ жыйынына келген өкмөт башчылар. Чолпон-Ата. Кыргызстан. 15.08.2025-жыл.
ЕАЭБ жыйынына келген өкмөт башчылар. Чолпон-Ата. Кыргызстан. 15.08.2025-жыл.

Чолпон-Атадагы Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны жыйынтыкталды. Уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчылары өткөн он жылда уюмдун бир катар жетишкендиктерин санашып, мунун менен катар чектөөлөрдүн алигүнчө алынбай келатканы сөз болду.

Жыйын ЕАЭБдеги эң башкы оюнчулардын бири Орусиянын Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен сүйлөшүү өткөрүп жаткан учурга туш келди.

Өкмөт башчылардын саммити Евразия экономикалык биримдигинин түзүлгөнүнүн он жылдыгына карата уюштурулду. Дүйнөдөгү соңку абалга байланыштуу Батыш салган санкциялардын таасири биримдикке да тийгенин кыргыз өкмөт башчысы Адылбек Касымалиев да белгилеп, бирок уюм ичинде экономикалык өнүгүү өз нугунда жүрүп жатат деди:

Адылбек Касымалиев.
Адылбек Касымалиев.

“Дүйнөдө эмгектин өндүрүмдүүлүк деңгээли экономикалык өнүгүүнүн маанилүү бөлүгү болуп эсептелет. Экономикалык өсүү шартында өлкөлөрүбүз айрыкча жогорку квалификациялуу кадрларга болгон жетишсиздикти сезүүдө, ар кандай чектөөчү факторлордон улам эмгек ресурстарынын мобилдүүлүгү төмөндөп жатат. ЕАЭБдин негизги максаттарынын бири – бирикме ичиндеги эмгек ресурстарынын эркин жүрүшүн камсыз кылуу үчүн түзүлгөн шарттар чоң жетишкендик болуп саналат. Кыргыз Республикасы бирдиктүү эмгек рыногун өркүндөтүүгө, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга жана натыйжада эмгектин өндүрүмдүүлүгүн арттырууга багытталган бардык демилгелерди колдойт”, - деди Касымалиев.

ЕАЭБдеги артыкчылыктын бири эмгек мигранттарына эркиндик берүү болгону менен учурда Орусиядагы мигранттар, анын ичинде уюмга кирген Кыргызстандын жарандары да көзөмөл күчөп жатканын айтышууда.

Москва муну коопсуздук чараларына байланыштырат жана кыргыз өкмөтү бул маселе боюнча жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Көзөмөл күчөгөн маалдан бери Орусияда иштеген кыргызстандыктардын саны эки эсе кыскарып, 350 миңди түзүп калды.

Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов уюмдагы он жыл Казакстандын экономикасы үчүн пайдалуу болгонун белгилеп, бирок жергиликтүү ишкерлер товар ташууда дале ар кандай чектөөлөргө кабылып жатканын билдирди. Өкмөт башчы мындай тоскоолдуктар уюмда каралган эркиндиктерге каршы келерин белгиледи.

Олжас Бектенов.
Олжас Бектенов.

“Евразиянын ачык жана жеткиликтүү базар шартын эске алган казакстандык өндүрүүчүлөр жана ташып келүүчүлөр дале купуя чектөөлөргө кабылып жатат. Биз иш жүзүндө жеткирилген жана ташылган товарларга санитардык-ветеринардык бажы көзөмөлүн байкап жатабыз. Мындан тышкары кош салык салуу белгилери да бар. Кээ бир учурларда мүчө мамлекеттердин аймактары аркылуу тоскоолдуксуз транзит камсыздалбай жатат. Биз бул уюмду түзөрдө товар жүгүртүүдө, кызмат көрсөтүүдө, капиталда жана жумушчу күчүндө эркиндик болот деп белгилегенбиз”, - деди Бектенов.

ЕАЭБ ичинде дал ушундай чектөөлөр бар экенин беш өлкөнүн премьерлерин кабыл алган кыргыз президенти Садыр Жапаров да жашырган жок.

Анткени, товар ташуудагы тоскоолдуктар уюмдагы бир эле Казакстанга тиешелүү эмес, кыргызстандык ишкерлер да бул көйгөйгө утур-утур кабылып турат. Буга чейин кыргыз өкмөтү Казакстан тарапты ар кандай тоскоолдуктар үчүн биримдиктин шарттарын аткарбай жатат деп сындаган жайы бар.

Чолпон-Атадагы ЕАЭБ жыйыны эң башкы оюнчулардын бири Орусиянын Украинадагы согушка байланыштуу АКШ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жаткан учурга туш келди. Тагыраагы, бир нече убакыттан соң АКШ президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин Аляскадагы жолугушуусу өткөнү жатат.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Украинадагы согуш боюнча же мунаса табылып, же Орусияга болгон басым күчөчүдөй болуп турат.

Аляскадагы жолугушууга байланыштуу орус премьер-министри Михаил Мишустин Чолпон-Атадагы жыйын бүткөнчө эле Москвага аттанды. Ал ага чейинки сөзүндө Кремль уюмдун катарын калыңдатып, Иран сыяктуу өлкөлөрдү кошкусу келерин билдирди:

Михаил Мишустин.
Михаил Мишустин.

“Биздин президентибиз Владимир Путин айткандай, уюмубуз кызыкдар бардык тараптар менен кызматташууга ачык. Биримдикти кеңейтүүгө кызыккан өлкөлөрдүн саны артууда. Мисал келтирсем, ЕАЭБ өлкөлөрү менен Ирандын ортосундагы эркин соода жүгүртүү боюнча келишими күчүнө кирди. Минскидеги саммит алкагында Бириккен Араб Эмирликтери, Монголия менен да келишим түзүлгөн”.

Орусиянын уюмдун аймагын кеңейтүү жана үчүнчү өлкөлөр менен кызматташууну арттыруу сунушу өлкө Украинага кол салганы үчүн бир катар экономикалык санкцияларга кабылган учурда айтылды.

Айрым адистер изоляциядан чыгуу үчүн Орусия ЕАЭБ сыяктуу аянтчаларга өзгөчө көңүл бура баштаганын айтышууда.

Жыйын соңунда он документке кол коюлду жана анда Евразия экономикалык комиссиясынын былтыркы бажы алымдары, мүчө мамлекеттер арасындагы рыноктук атаандаштыктын сакталышы жана бирдиктүү дары-дармек жана медициналык каражаттар рыногун түзүү соода биржасына байланыштуу чечимдер бар.

Айтмакчы, Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жыйынына Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышкан жок. Соңку учурда Орусия менен мамилеси сууй түшкөн армян премьеринин жыйынга катышпай калганына журналисттер көңүл бурушту. Жыл башында Армениянын парламенти өлкөдө евроинтеграция процессин баштоо боюнча мыйзам кабыл алган.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Кыргызстандын бул уюмга мүчө болгону боюнча нааразылыктар айтылып, Бишкекке Орусиянын таасири артып, энергетикалык ресурстар жагынан көз карандылыгы күчөгөнүн сынга алгандар бар.

Шерине

XS
SM
MD
LG