АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин дүйшөмбүдө Вашингтонго сапарында үч тараптуу жолугушуу макулдашылышы ыктымал экенин билдирди.
Үч тараптуу жолугушуу - Трамп, Зеленский жана Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда өтүшү мүмкүн. Анда Украинадагы согушту толук токтотуу маселеси талкууланат.
"Согуштун токтошу көп учурда сакталбаган элдешүүгө караганда артык экенине баары макул болушту", - деп жазды Трамп Truth социалдык түйүнүнө Анкорижге сапарынан кийин Зеленский, Евробиримдик, НАТОнун лидерлери менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу.
Трамп Путин менен жолугушууну "өтө мыкты" деп баалап, Зеленский менен Путиндин жолугушуусу миңдеген кишинин өмүрүн сактап калышы ыктымал экенин айтты. Башка маалымат берген жок.
Анкориждеги сүйлөшүүлөрдөн кийин Трамп ЕБ, Британия, НАТО лидерлери жана Зеленский менен телефондон баарлашкан. Андан кийин Брюсселде Евробиримдиктин элчилеринин чукул жыйыны чакырылган, Германияда өкмөт кезексиз отурумга чогулган.
Буга чейин Аxios сайтынын кабарчысы Барак Рави Анкориждеги жолугушууда Путин убактылуу жарашууга көнбөй, анын ордуна согушту биротоло токтоткон келишим түзүүнү сунуштаганын кабарлаган.
The Economist басылмасынын журналисти Оливер Кэролл өз булактарына таянып, Москва Зеленский, Трамп жана Путиндин үч тараптуу жолугушуусуна чейин Украинада абадан соккуларды токтотууга макул болгонун кабарлаган.
Бул маалымат расмий тастыктала элек.
Трамп-Путин жолугушуусу 15-августта өттү.
Шерине