Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалагынын кызматкерлери рейд өткөрүп, коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөн жети кыз-келинге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу” беренеси менен 20 миң сомдон айып пул салды.
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз кызматы билдирди.
Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.
Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)
Шерине