АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен Алясканын борбору Анкориж шаарында өткөн сүйлөшүүлөрдөн кийин Украинанын президенти Владимир Зеленскийге жана Европа лидерлерине телефон чалды.
Бул тууралуу Fox News телеканалы кабарлап, бирок мындан башка маалымат берген жок.
Жолугушуудан кийин Дональд Трамп менен Владимир Путин кыска маалымат жыйынын өткөрдү. Трамп жолугушууну “жемиштүү өттү” дегени менен “келишимге” келе алышпаганын айтты.
Бирок Путин маалымат жыйында сүйлөшүү учурунда тараптар “келишимге келди” деп бир нече жолу белгиледи. Эки лидер тең журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты.
Алгач президенттер котормочулардын катышуусунда гана бетме-бет жолугушаары айтылган. Андан кийин Ак үй жолугушуунун форматы өзгөртүлгөнүн жарыялап, АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио жана АКШ президентинин чабарманы Стив Уиткофф кошулары айтылган. Орусия тараптан Путинди жардамчысы Юрий Ушаков жана Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров болду.
Басма сөз жыйынынын аягында Трамп жакынкы келечекте Путин менен дагы жолугуп калышы мүмкүн экенин айтты. Орус президенти Москвага сапар менен келүүнү сунуштаса, Трамп “мен ага сөз бере албайм, балким болуп да калышы мүмкүн” деп жооп кайтарды. (BTo)
Шерине