Элчилик Орусияда согушка азгырылган кыргызстандык куткарылганын билдирди

Орусияда Украинадагы согушка азгырылган кыргызстандык.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Фейсбуктагы расмий баракчасына Москвада Украинадагы согушка алданып кетип кала жаздаган Кыргызстандын жараны тууралуу видео чыгарды.

Анда атын ачык атабаган жигит төрт ай мурун Саха (Якутия) Республикасына иштегени келгенин, 14-августта аны Москвага акы төлөнүүчү аскердик кызматка чакырып, андан ары согушка жөнөткөнү жатканын айткан. Ал Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине байланышып, элчиликтин кызматкерлери аны аскер бөлүгүнөн алып чыгып кеткенин, бул үчүн аларга ыраазылык билдирерин кошумчалаган.

10-апрелде Украинанын “Хочу жить” долбоору Орусия тарапта украиндерге каршы согушту деген 360 кыргызстандыктын аты-жөнүн жарыялаган. Долбоордун маалыматы боюнча, алардын кеминде 38и каза болгон. “Хочу жить” бул тизме орус армиясынын атын атагысы келбеген өкүлдөрүнөн алынганын кабарлаган.

“Азаттык” буга чейин Украинадагы согушта теги кыргызстандык кеминде 70 адам набыт болгонун өз алдынча аныктаган. Алардын басымдуу бөлүгү кыргыз жарандары. Арасында кыргыз атуулдугунан тышкары орус паспортун алып жүргөндөр же Кыргызстанда туулуп-өсүп, кийин толук Орусиянын жарандыгына өткөндөр бар.

Кыргызстандын Кылмыш-жаза кодексинин 256-беренесинде (“Кыргыз Республикасынын жаранынын чет мамлекеттин аймагындагы куралдуу жаңжалдарга же согуш аракеттерине катышуусу же террордук актыны жасоо үчүн даярдыктан өтүүсү”) чет өлкөлөрдөгү согуштарга же аскердик чыр-чатактарга чакыруу, уюштуруу, каржылоо, азгыруу иштери же ага жалданып катышканы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган

Буга чейин Украинадагы согушта Орусиянын армиясынын катарында согушка катышкан Кыргызстандын жарандары сот жообуна тартылган окуялар болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп Путин менен жолуккандан кийин Зеленскийге, Европа лидерлерине телефон чалдыЖалал-Абадда университеттерден 2 606 студент окуудан чыгарылдыЖалал-Абадда никаб кийип жүргөн жети кыз-келинге айып салындыКадамжайда үч милиция кызматкери пара алууга шек саналып кармалдыТрамп: Путин менен жолугушуу жемиштүү болду, бирок келишимге жетишкен жокпуз