Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:22

Кадамжайда үч милиция кызматкери пара алууга шек саналып кармалды


Шектүүлөрдү кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.
Шектүүлөрдү кармоо учуру. УКМК тараткан сүрөт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнүн үч кызматкери пара алууга шек саналып кармалганын 16-августта кабарлады.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, май жана июль айларында Кадамжайда 15 жаштагы кыз бир нече жолу сексуалдык зомбулукка кабылганы тууралуу маалымат түшкөн. Жабырлануучунун атасы бул окуя боюнча милицияга арыз менен кайрылган.

Бирок тергөөчү (Т.А.), Исхак-Полотхан айылдык милиция бөлүмүнүн башчысы (Н.С.) жана аймактык милиция кызматкери (Ш.Ж.) 1 млн сом пара алып, шектүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга макул болгону айтылды.

10-августта Баткен облустук милициясынын Ички иликтөө кызматкерлери менен жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларында шектүүлөрдүн биринин автоунаасынан 200 миң сом табылган. Ал эми тергөөчүнүн иш бөлмөсүнөн жабырлануучу менен арыз жазган адамдын биринчи көрсөтмөлөрү өзгөртүлүп, кылмыш ишин козгоодон баш тартуу боюнча каршы көрсөтмөлөрдү, тосмо арыздарды камтыган тергөө материалдары алынган.

Мындан тышкары, дагы бир киши (А.А.) кызмат адамына 1 млн сом пара берүү боюнча шектүү катары кармалды. Ал бул каражатты кылмыш ишин кыскартып, жабырлануучунун атасынан тосмо арыз алууга, ошондой эле жабырлануучунун көрсөтмөлөрүн өзгөртүүсүнө жардам бергени үчүн эки милиция кызматкерине бергени кабарланды.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Пара алуу” жана “Пара берүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, шектүүлөр УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө абагына киргизилди. Алардын жакындары менен адвокаттары комментарий бере элек. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG