Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:48

ЕБ элчилери Брюсселде шашылыш жыйынга чакырылды


Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.
Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен.

Европа Биримдигине кирген өлкөлөрдүн элчилери Дональд Трамп менен Владимир Путиндин жолугушуусунан кийин Украинадагы кырдаалга байланыштуу Брюсселде шашылыш жыйынга чакырылды. Буга чейин ЕБдин лидерлери саммитти АКШнын президенти менен телефондон талкуулаган.

Трамп менен Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен, Польшанын, Финляндиянын, Франциянын президенттери жана Германиянын канцлери сүйлөшүшкөн.

АКШ менен Орусия Алясканын борбору Анкориж шаарында өткөн саммитте жетишилген макулдашуулар боюнча расмий маалымат беришкен жок. The Economist басылмасынын кабарчысы Оливер Кэроллдун билдиришинче, Москва Путин, Трамп жана Зеленскийдин үч тараптуу жолугушуусуна чейин Украинада аба аркылуу ок атышпоого макул болгон. Ал эми Axios басылмасынын кабарчысы Барак Равинин айтымында, Путин убактылуу ок атышпоого көнбөй, анын ордуна түз эле согушту токтотуу боюнча келишимге келүү сунушун берген.

Бул маалымат расмий ырастала элек. Ошондой эле кабарчылар иштеген басылмалар азырынча бул тууралуу кабар тараткан жок.

Дональд Трамп менен Владимир Путин 15-августта Анкориж шаарында жолугушкан. Жолугушуудан кийин алар кыска маалымат жыйынын өткөрдү. Трамп жолугушууну “жемиштүү өттү” дегени менен “келишимге” келе алышпаганын айтты.

Бирок Путин маалымат жыйында сүйлөшүү учурунда тараптар “келишимге келди” деп бир нече жолу белгиледи. Эки лидер тең журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартты. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG