Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:21

Аляска: Саммитке аттанган Путин, санаага баткан Украина


Трамп менне Путиндин жолугушуусун утурлай Анкориждин көчөлөрүнө Украинага колдоо көрсөтүп чыккан демонстранттар, 14-авугст, 2025-жыл.
Трамп менне Путиндин жолугушуусун утурлай Анкориждин көчөлөрүнө Украинага колдоо көрсөтүп чыккан демонстранттар, 14-авугст, 2025-жыл.

Жума күнү Орусиянын президенти Владимир Путин жана АКШ лидери Дональд Трамп Аляскадагы аскердик аба базада жолугат. Украинанын президенти сүйлөшүүгө катышпагандыктан Европа лидерлери тынчсызданып турат.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШ лидери Дональд Трамп менен бетме-бет жолугуу үчүн Аляскага аттанды.

Бул сүйлөшүүдө Орусия Украинага басып кирип, 42 айдан бери тынбай согушуп жаткан кандуу кармашты токтотуу жолдору талкууланат. Украин бийлигинин өкүлдөрү Аляскадагы сүйлөшүүгө катышпайт.

Анкорижге жакын аскердик аба базада өтчү саммит Трамптын тынчтык орнотуу аракеттери жана Путиндин дүйнөлүк аренада Орусиянын ордун кайра аныктоо максаттары үчүн чечүүчү роль ойнойт деп белгиленүүдө.

Европа лидерлери да Аляскадагы сүйлөшүүлөрдөн сыртта калгандыктан Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинага зыяны тийчү келишимдер болбойбу, Европанын Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусиядан келген коркунучтарга каршы туруу жөндөмүнө шек келтирбейби деген тынчсызданып турган чагы.

Орусия Путиндин АКШ аймагында, тарыхый жактан алганда мурда орустардын көзөмөлүндө болгон жерге жолугушууга баратканын өзүнчө бир символдук жеңиш деп кабыл алууда. Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоого орден бергенден кийин орус лидеринин чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелип, Батыш өлкөлөрү Москваны Киевге каршы баштаган негизсиз согушу үчүн эл аралык коомчулуктан обочолонтуп салган.

Көптөр үчүн Москванын Вашингтон менен түз сүйлөшүү жүргүзүүсү жана бул жараянда Украинага орун берилбей калганы 1945-жылкы Ялта конференциясын эске салат. 80 жыл мурда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европаны Советтер Союзу, АКШ жана Британия дээрлик бөлүп алышкан.

Өзүнүн пайдалуу келишим түзүү жөндөмүнө ишенген Трамп Орусиянын Украинадагы согушун токтото албаганына улам барган сайын нааразы болгондой. Батыштын эсебинде бул согушта 1 миллиондон ашык орус жоокери өлүп же жараат алса, украиндерден да курмандыктар жүз миңдеп саналат.

"Мен президентмин, ал мени менен оюн ойной албайт", - деди Трамп 14-августта Ак үйдө журналисттерге. "Эгер жолугушуу жаман өтсө тез эле аяктайт. Эгер жакшы өтсө жакын арада тынчтыкка жетишебиз".

Украиндердин санаасы санга бөлүнүүдө

Мурдараак Трамп Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки Европада тутанган, үч жарым жылга созулган кандуу кармашты токтотуу үчүн Москва менен Киев "жер алмашууга" аргасыз болот деген сунуш айткан. Бул украиналыктарды катуу кыжалат кылды. Ушул тапта Украина Орусиянын эч кандай аймагын көзөмөлдөбөйт.

Украин президенти Владимир Зеленский Аляскадагы саммитти утурлай Лондонго барып, Британиянын премьер-министри Кир Стармерге жолугуп, колдоо тапты.

"Биз туруктуу тынчтыкты чындап камсыз кылуу үчүн коопсуздук кепилдиктеринин чоо-жайын талкууладык", - деди ал.

Ушул апта башында Зеленский Берлинге да барып, Аляскадагы сүйлөшүүлөргө катышпай калганына тынчсызданган европалык лидерлер менен видео конференцияга катышкан.

Трамп менен Путин буга чейин алты жолу жолуккан. Бирок америкалык лидер январда экинчи ирет президенттик кзыматка киришкенден берки биринчи жолугушуу. Эки лидер январдан бери кеминде беш жолу телефондон сүйлөшкөн, Трамп буга чейин Путинге жолугуу үчүн үч жолу барган.


Шерине

XS
SM
MD
LG