Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Август, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Аляскада Украинаны колдогон митингге жүздөгөн киши катышты


Украинаны колдогон митингдер Европада, Нью-Йоркто, Киевде, Аляскада өтүп жатат. 15-август, Киев. 2025-жыл.
Украинаны колдогон митингдер Европада, Нью-Йоркто, Киевде, Аляскада өтүп жатат. 15-август, Киев. 2025-жыл.

АКШ-Орусия саммити өтө турган Аляска штатындагы Анкориж шаарында Украинага колдоо көргөзүп, бул шаарга Путиндин келишине каршылык билдирген акцияга жүздөгөн киши катышты. Митингдин уюштуруучусу, Stand UP Alaska коомдук уюмунун жетекчиси Эрин Жексон-Хилл журналисттерге орус президенти Владимир Путинди согуш кылмышкери деп эсептээрин, "андай адамга Америка жергесинде орун жок" деген пикирин билдирди. "Авторитардык диктаторлордун Аляска штатына келишине каршыбыз, айрыкча аларды биздин губернатор, же Конгресстеги өкүлдөрүбүз чакырбаган соң", - деп басым жасады Хилл.

Аляска штатында миңге жакын украин качкындары башпаанек тапкан. Кечирээк штаттын борборунда дагы бир нааразылык акциясы өтөөрү күтүлүүдө.

Орусиянын президенти Аляскага баратып, жолдо Магадан шаарына токтоду. Ал жерде аймак жетекчилери менен кеңешме өткөрөөрү белгиленген. Жума күнү эртең менен Аляскага Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов жана финансы министри Антон Силуанов учуп барышты.

Шерине

XS
SM
MD
LG