Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:03

Жапаров менен Путин Аляскадагы самиттин жыйынтыгы тууралуу сүйлөштү


Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров, 12-октябрь, 2023-жыл
Орусиянын президенти Владимир Путин менен Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров, 12-октябрь, 2023-жыл

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров орусиянын лидери Владимир Путин менен 18-августта телефондон сүйлөштү. Бул тууралуу кыргыз президентинин маалымат кызматы кабарлады. Жапаров менен Путин АКШнын Аляска штатында өткөн орус-америка лидерлеринин сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгы боюнча пикир алмашты.

Жапаров саммит глобалдык чыңалууну басаңдатууга карай маанилүү кадам болгонун белгилеп, “украин кризисин тынчтык жолу менен жөнгө салуу үчүн кошумча шарттарды түзөөрүнө ишенип турганын” айтты.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен Орусиянын лидери Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки лидер "жемиштүү" деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы үч жарым жылдан бери уланып жаткан урушту токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.

Сүйлөшүү маалында Путин согушту токтотуу үчүн Киев Украинанын Донецк жана Луганск облустарынан аскерлерин толук чыгарып кетүүсүн жана аннексияланган Крымды Орусияныкы деп таанууну талап кылганын маалымат каражаттары өз булактарына таянып жазышты. Расмий Киев Москванын андай талабын буга чейин эле кескин четке каккан.

Аляскадагы самиттин жыйынтыгы жана андагы шарттарды талкуулоо үчүн 18-августта Украинанын президенти Владимир Зеленский жана Европанын бир нече лидери Вашингтонго барды.

Шерине

XS
SM
MD
LG