Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Август, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:05

Аляска саммити: Путин көздөгөнүнө жетти. Трампчы?


АКШ менен Орусиянын лидерлери, Аляска, 15-август 2025-жыл.
АКШ менен Орусиянын лидерлери, Аляска, 15-август 2025-жыл.

Владимир Путин дүйнөлүк сахнада өзүн көрсөткүсү келген. Дональд Трамп тынчтык келишимине жетүүнү көздөгөн. Орусиянын лидери максатына жетти. АКШнын президенти азырынча көздөгөнүн ишке ашыра алган жок.

Трамп менен Путиндин 15-августтагы бетме-бет саммити соңку жылдардагы эң орчундуу жолугушуу болот деп күтүлгөн. Күн тартибинде АКШ менен Орусиянын мамилеси, эл аралык коопсуздук, Экинчи дүйнөлүк согуштан берки Европадагы эң ири согушту токтотуу сыяктуу маанилүү маселелер турган.

Мунаса табуудагы чеберчилигин көтөрө чапкан Трамп Орусиянын Украинадагы 42 айдан бери уланып келе жаткан согушун токтотууну максат кылган.

Украинаны алсыратуучу аскердик кудуретине ишенген Путин Американын аймагында эл аралык журналисттердин алдына чыгып, Трамп менен кол алышууну, аны менен тең ата сүйлөшүүнү көздөгөн.

Жолугушуунун жыйынтыгында Орусиянын Украинадагы кан төгүүсүн токтотуучу келишим болгон жок. Путин саммитке чейин кыйыткандай, куралдануу маселесин көзөмөлдөөчү жаңы макулдашууга да кол коюлган жок. Трамп ишарат кылган жаңы инвестициялар тууралуу да жарыя болбоду.

“Жакшы эч нерсе жок, жаман нерсе да болбоду”

Балким коомчулукка жарыялоого эртелик кылган кайсы бир келишимдердин үстүндө иш уланып жаткан болушу мүмкүн. Трамп Аляскадагы жолугушуудан кийинки маектеринде жакынкы келечекте кандайдыр бир макулдашуулар болушу мүмкүндүгүн ишарат кылды.

“Эгер жар салганга татыктуу кичине эле нерсе болсо Трамп аны жарыяламак”, - дейт Вашингтондогу Хадсон институтунун изилдөөчүсү, Орусия боюнча аналитик Люк Коффи. “Андыктан аз да болсо бир жарыянын болбогону сүйлөшүүлөрдөн эч кандай майнап чыкпаганын туюнтуп турат”.

“Позитивдүү жактан карасак, Трамп жок дегенде эл алдында эч кандай сөзгө илинип калган жок. Ал подиумга чыгып, Европанын лидерлери, анын ичинде Зеленский менен кеңешерин, аларга маалымат берерин айтып, мунаса болмоюнча келишимге жетишилди деп айта албай турганын билдирди”, - деп кошумчалады Люк Коффи.

16-августта эртең менен, саммиттен бир нече саат өткөн соң, Дональд Трамп украин президенти Владимир Зеленский жана европалык лидерлер менен бир сааттай телефондон сүйлөштү. Зеленскийдин айтымында, Украинага керектүү коопсуздук кепилдиктери боюнча сүйлөшүүлөргө АКШнын катышуусу багытында “оң сигналдар” болду. Ал ошондой эле 18-августта Вашингтонго барарын билдирди.

“Путинди кызыл килем үстүндө тосуп алышканын жана Москвада экинчи бир саммит өтүшү мүмкүндүгүн эске алганда Кремл муну АКШ менен мамилелерди кайра карап чыгуудагы чоң жылыш катары көрсөтүп жатат”, – деди Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинде эки жолу иштеп кеткен Стивен Флэнаган.

“Путин “узак мөөнөттүү жана туруктуу келишимге жетиш үчүн жаңжалдын негизги себептерин толук жоюш керек” деген сөзү менен Орусия Украина боюнча мурдагы катаал позициясынан кайтпаганын каңкуулады. Путин Киевде өзүнө ыңгайлуу өкмөттү көргүсү келет жана [орус күчтөрү] басып алган аймактардын таанылышын каалайт”, - деди Флэнаган.

Саммиттин алдында Трамп “жер алмашуу” болушу ыктымал экенин сөз кылган. Бул ок атышууну токтотуу же башка шарттардын аткарылышын камсыз кылуу үчүн Орусия басып алган украин аймактарын таануу дегенге барабар болмок. Зеленский муну өз өлкөсү үчүн “кызыл сызык” деп сыпаттаган.

Трамп администрациясы Европанын Украинадагы согушту жөнгө салуудагы ролун төмөндөтүп келгени белгилүү. Муну эске салган айрым европалык жетекчилер Аляскадагы саммит “экинчи Мюнхен келишими” болуп калбайбы деп чочулап турушкан. Тарыхта 1938-жылкы Мюнхен келишими Батыштагы союздаштардын Гитлердин баскынчыл аракеттерине жол ачып бергендей сыпатталып жүрөт. Айрымдар Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин СССР лидери Иосиф Сталиндин, АКШ президенти Франклин Рузвельттин жана Британиянын премьер-министри Уинстон Черчиллдин Европаны өз ара бөлүшүп алышына жол ачкан “кезектеги Ялта жолугушуусу” болуп калбаса экен деп да тынчсызданып турушкан.

Аляскада жер алмашуу тууралуу эч кандай жарыя болгон жок. Ошол эле маалда Трамп эскертип келгендей, АКШнын Орусияга каршы жаңы жазалоочу санкциялары да жарыяланбады.

“Жакшы эч нерсе болгон жок, жаман нерсе да болбоду. Украинаны сатыкка койгудай экинчи Мюнхен же экинчи Ялта да болгон жок”, - деп айтты Би-Би-Сиге АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Уильям Тейлор.

“Кызыл килем жана жылуу учурашуу”

“Киев үчүн мындан да жаман болушу мүмкүн эле. Балким алар бир нерсени макулдашкандыр. Бирок андай болсо, аны сөзсүз жарыялашмак”, – деди Германиядагы Тышкы байланыштар кеңешине караштуу Чыгыш Европадагы, Орусиядагы жана Борбор Азиядагы тартип жана башкаруу маселелери боюнча борбордун директору Стефан Мейстер.

“Трамп украиндерге начар келишимди таңуулоочу жаман киши болууга даяр эмес. Ошол эле маалда Путин чоң мунасага барып, жеңишти Трампка ыйгарып койгусу келбей турат”, - деди Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы кеңешчиси, Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун улук изилдөөчүсү Эрик Чиарамелла.

2022-жылдын февралында Орусия Украинадагы толук масштабдуу согушун баштагандан бери Путин Батышта, ошондой эле дүйнөнүн башка аймактарында обочодо калып, АКШнын санкцияларына жана Эл аралык кылмыш сотунун камакка алуу тууралуу ордерине туш болгон. Трампка чейинки Америка президенти Жо Байден аны менен жолугушуудан баш тарткан.

Саммиттин өзү, атап айтканда, анын АКШнын аймагында өткөнү, Путинди кызыл килем менен тосуп алышканы, АКШ президенти менен кол алышуу Кремль үчүн чоң жеңиш болду.

“Путин бул жолугушууда каалаганынын баарына жетти,” – деди Сан-Диего мамлекеттик университетинин саясий илимдер боюнча профессору, Украинадагы башкаруу маселелери боюнча адис Михаил Алексеев. “Аны кызыл килем үстүндө тосуп алышты. Аны менен кол алышышты. Керек болсо учактан түшкөндө Трамп ага кол чапты. Негизинен бул анын дүйнөлүк лидер катары позициясын нормалдаштырат.”


Шерине

XS
SM
MD
LG