Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Орусия менен Украина 84 туткундан алмашышты


Июлдан бери Орусия менен Украина бир нече жолу туткундарды алмашты.
Июлдан бери Орусия менен Украина бир нече жолу туткундарды алмашты.

Украинанын президенти Зеленский соцтармактарга туткундан бошотулган адамдардын сүрөттөрүн жарыялады, 84 кишинин арасында аскер адамдары, жай тургундар да бар. Алардын айрымдары 2014, 2016, 2017-жылдары туткундалса, тизмеге кийин Мариуполду коргоого катышкандар да кошулду. 51 аскер эмес адамдар арасында медиктер, саясий көз карашы үчүн кармалгандар, аялдар да бар.

Орусия бошотуп алгандар арасында Крымдын мурдагы ички иштер министринин орун басары Николай Федорян бар экенин украиналык маалымат каражаттары кабарлашты. Ал Украинада мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн 12 жылга абакка кесилген.

Соңку айларда Орусия менен Украина бир нече жолу туткундарды айырбаштады, андай тизмеге оор жарадар болгондор, оорулуулар, өлгөндөрдүн сөөктөрү да киргизилди. Бул жараяндар эки өлкөнүн расмий делегациялары Стамбулда 23-июлда жолуккандан кийин ишке ашырылды.

Шерине

XS
SM
MD
LG