Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Август, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:28

Орусия нацизмден жабыркагандарга жөлөк пул берген немис фондунун ишине тыюу салды


Рейхке жумушчуларды жиберүү учуру. 1942-жыл
Рейхке жумушчуларды жиберүү учуру. 1942-жыл

Орусиянын Башкы прокуратурасы "Эс тутум, жоопкерчилик жана болочок" деп аталган германиялык фонддун ишин өлкөгө "жагымсыз" деп таап, тыюу салды. Аталган фонд Германиянын нацисттик режими маалындагы концлагер, геттолордун туткундарына, ошол кезде оккупацияланган аймактардагы Рейх мажбурлап кара жумуштарга жиберген жашоочуларга жөлөк пул берип келген. Тарыхый долбоорлор жана адам укугун коргоо менен алектенет.

2000-жылдардын ортосуна чейинки убакта фонд Орусиянын өзүндө эле 200 миң кишиге компенсация төлөп берген. 2024-жылы уюм Орусиядагы программаны каржылоону токтоткон, 2025-жылы фонддун камкорчулар кеңеши орусиялык жана беларустук өкүлдөрдүн мүчөлүгун токтоткон.

Буга эки мамлекеттин бийлиги тең кескин реакция жасаган.

Орус Башкы прокуратурасы немис фонду "Украинаны колдоого чакыруу жана кайрымдуулук уюштуруу менен саясий жактан антиорусиялык позицияда болгон" деп жазды. Аны "Орусиянын аймактык бүтүндүгүн бузууга, коомду радикалдаштырууга, русофобияны өөрчүтүүгө багытталган иш жүргүзгөн" деп айыптады.

Германиялык фондду өкмөт жана бизнес өкүлдөрү түптөгөн.

2024-жылы Орусияда чет элдик агенттер тууралуу мыйзам кабыл алынган. Муну менен менчик коммерциялык уюмдарды гана эмес, башка өлкөлөрдүн мамлекеттик органдары турган уюмдарды да "жагымсыз" деп табууга шарт түзүлгөн.

Аталган фонд орус бийлигинин чечимине азырынча комментарий бере элек.

Шерине

XS
SM
MD
LG