Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Август, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:01

Аляска: Трамп менен Путин Украинада согушту токтотууну макулдаша алган жок


Владимир Путин жана Дональд Трамп
Владимир Путин жана Дональд Трамп

Аляскада АКШ лидери Дональд Трамп менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүйлөшүүсү аяктады. Эки лидер Алясканын борбору Анкориждеги "Элмендорф-Ричардсон" аскердик аэродромунда жолукту. Аляскада президент Путин беш саатка чукул болду.

2022-жылы Украинада согуш башталганы АКШ менен Орусиянын президенттери биринчи жолу жолугушту. Трамп менен Путиндин ар бир тараптан үчтөн киши катышкан сүйлөшүүсү дээрлик үч саатка созулду. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйынында эки лидер бири-бирин мактап, так бир жыйынтык тууралуу айткан жок.

Путин сүйлөшүүнү "натыйжалуу болду" деп, АКШны "төрт гана чакырым бөлүп турган" Орусиянын жакшы "коңшусу" деп атады.

Ал кайрадан "украин кризисинин баштапкы себептерине" кайрылып, "жаңжалды токтотуу үчүн аларды жоюу зарылдыгын" айтты.

"Орусия менен АКШнын мамилеси кансыз согуштан берки эң начар абалга жетти. Кырдаалды оңдоо зарыл эле. Андыктан мамлекет башчылардын жеке жолугушуусуна убакыт келди эле", - деди Путин.

Трамп эки тарап "толук түшүнүшүүгө жете албагандыктан макулдашуу да болбогонун" айтты. Ал жолугушууну "өтө майнаптуу" деп, Орусия менен АКШ Украинадагы согуш боюнча көп пункттарды макулдаша алганын айтты. Трамп эми "тынчтыкка жетүү үчүн мүмкүнчүлүк жаман эместигин" белгиледи. Мындан сырткары америкалык лидер чукул арада Аляскадагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу Украинанын президенти Валдимир Зеленскийге телфон чалып, маалымат берерин да айтты.

Трамп - Путин сүйлөшүүсү

Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнө катышкандар
Трамп менен Путиндин сүйлөшүүсүнө катышкандар

Мурдараак эки лидер бетме-бет жолуга турганы, ал жерге тилмечтер гана катышары кабарланган. Бирок сүйлөшүүнүн форматы өзгөртүлүп, Трамп менен кошо мамлекеттик катчы Рубио жана атайын чабарман Уиткофф отурары кабарланды. Путинди жардамчысы Ушаков менен тышкы иштер министри Лавров коштоду.

Сүйлөшүүнүн негизги темасы - Украинадагы үч жарым жылга созулган Орусиянын согушун токтотуу. Орусия эки тараптуу кызматташууну сүйлөшүүнү сунуш кылган. Трамп жума күнү Украинадагы урушту токтотуу маселесинде илгерилөө болсо Москванын сунушуна да көңүл буруларын айткан.

Сүйлөшүүнүн алдына лидерлер журналисттердин суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, эч кандай билдирүү жасашкан жок. Трамп жума күнү сүйлөшүү үзүрлүү болорун сезип турганын айтып, "Ал акылдуу жигит, узактан бери бул иш менен алектенет, биз тил табышабыз, бул жолугушуудан бир нерсе чыгат", - деп Путинге баа берген.

Вашингтондун делегациясында мамлекеттик катчы Марко Рубио, каржы министри Скотт Бессент, АКШнын атайын чабарманы Стив Уиткофф жана Борбордук чалгын башкармалыгынын директору Жон Рэтклифф бар.

Путин Аляскага аттанганда жолдо Магаданга токтоду. Москванын делегациясынын курамына Кремлдин жардамчысы Юрий Ушаков, тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Андрей Белоусов, атайын чабарман Кирилл Дмитриев кирет.

Бул сүйлөшүүдө Орусия Украинага басып кирип, 42 айдан бери тынбай согушуп жаткан кандуу кармашты токтотуу жолдору талкууланды. Украин бийлигинин өкүлдөрү Аляскадагы сүйлөшүүгө катышкан жок.

Анкорижге жакын аскердик аба базада өткөн саммит Трамптын тынчтык орнотуу аракеттери жана Путиндин дүйнөлүк аренада Орусиянын ордун кайра аныктоо максаттары үчүн чечүүчү роль ойнойт деп белгиленген.

Европа лидерлери да Аляскадагы сүйлөшүүлөрдөн сыртта калгандыктан Трамп менен Путиндин жолугушуусунда Украинага зыяны тийчү келишимдер болбойбу, Европанын Украинага колдоо көрсөтүү жана Орусиядан келген коркунучтарга каршы туруу жөндөмүнө шек келтирбейби деген тынчсызданып турду.

Орусия Путиндин АКШ аймагында, тарыхый жактан алганда мурда орустардын көзөмөлүндө болгон жерге жолугушууга баратканын өзүнчө бир символдук жеңиш деп кабыл алууда. Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди кармоого орден бергенден кийин орус лидеринин чет өлкөгө чыгуу мүмкүнчүлүгү чектелип, Батыш өлкөлөрү Москваны Киевге каршы баштаган негизсиз согушу үчүн эл аралык коомчулуктан обочолонтуп салган.

Көптөр үчүн Москванын Вашингтон менен түз сүйлөшүү жүргүзүүсү жана бул жараянда Украинага орун берилбей калганы 1945-жылкы Ялта конференциясын эске салат. 80 жыл мурда Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европаны Советтер Союзу, АКШ жана Британия дээрлик бөлүп алышкан.

Өзүнүн пайдалуу келишим түзүү жөндөмүнө ишенген Трамп Орусиянын Украинадагы согушун токтото албаганына улам барган сайын нааразы болгондой. Батыштын эсебинде бул согушта 1 миллиондон ашык орус жоокери өлүп же жараат алса, украиндерден да курмандыктар жүз миңдеп саналат.

"Мен президентмин, ал мени менен оюн ойной албайт", - деди Трамп 14-августта Ак үйдө журналисттерге. "Эгер жолугушуу жаман өтсө тез эле аяктайт. Эгер жакшы өтсө жакын арада тынчтыкка жетишебиз".

Санаасы санга бөлүнгөн украиндер

"Биз Америкага ишенебиз. Адаттагыдай эле мүмкүн болушунча натыйжалуу иштөөгө даярбыз", - деп жазды Украинанын президенти Владимир Зеленский Трамп Аляскага сапар алгандан кийин Telegram каналына.

"Эң негизгиси бул жолугушуу чыныгы тынчтыкка жана Украинанын, АКШнын жана Орусиянын лидерлеринин үч тараптуу мазмундуу сүйлөшүүлөрүнө жол ачат", - деп кошумчалады ал.

Мурдараак Трамп Экинчи дүйнөлүк согуш аяктагандан берки Европада тутанган, үч жарым жылга созулган кандуу кармашты токтотуу үчүн Москва менен Киев "жер алмашууга" аргасыз болот деген сунуш айткан. Бул украиналыктарды катуу кыжалат кылды. Ушул тапта Украина Орусиянын эч кандай аймагын көзөмөлдөбөйт.

Украин президенти Владимир Зеленский Аляскадагы саммитти утурлай Лондонго барып, Британиянын премьер-министри Кир Стармерге жолугуп, колдоо тапты.

"Биз туруктуу тынчтыкты чындап камсыз кылуу үчүн коопсуздук кепилдиктеринин чоо-жайын талкууладык", - деди ал.

Ушул апта башында Зеленский Берлинге да барып, Аляскадагы сүйлөшүүлөргө катышпай калганына тынчсызданган европалык лидерлер менен видео конференцияга катышкан.

Трамп менен Путин буга чейин алты жолу жолуккан. Бирок америкалык лидер январда экинчи ирет президенттик кзыматка киришкенден берки биринчи жолугушуу. Эки лидер январдан бери кеминде беш жолу телефондон сүйлөшкөн, Трамп буга чейин Путинге жолугуу үчүн үч жолу барган.

Трамп менен Путин Аляскага жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:13 0:00

Шерине

XS
SM
MD
LG