Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Август, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Экономика

Чолпон-Ата шаарында кыргыз-орус экономикалык форумунун катышуучулары
Чолпон-Ата шаарында кыргыз-орус экономикалык форумунун катышуучулары

10 жыл мурда Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы бажы бекеттер алынып, Евразия экономикалык биримдигинин жол-жобосу күчүнө кирген. Эң ири экономикалык бирикмеге мүчө болгондон кийин өлкө экономикасы, өнөр жайы жана Орусияда иштеген мигранттар үчүн ыңгайлуу шарт түзүлөт деген убада болгон эле.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулууда Орусия менен Казакстанга айыл чарба жана тигүү тармагынын өнүмдөрүн экспорттоого жол ачылып, чек арадагы чектөөлөр азаяры айтылган.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги соңку он жылдын ичинде керектөө, соода, кызмат көрсөтүү тармактарында чоң өсүштөр байкалганын, ички дүң өнүм 1,5, өндүрүш 1,6, киреше тармагы 3,1 эсе жогорулаганын билдирди.

Мындай көрсөткүчтөрдү мисал келтирген министрлик экономикалык биримдиктин максаттары ишке ашып жатканын белгилеген.

“Беш өлкө ичиндеги соода жүгүртүү көлөмү эки эсеге көбөйдү. Биримдикке кирүүдөгү максат ортодогу тоскоолдуктарды алып салуу болгон. Азыр бажы текшерүүсү алынып салынган. Уюмга кирүүдөгү максатыбыз бизде өндүрүлгөн товарларды негизги соода өнөктөштөргө сатууга, экспорттоого бир нече жеңилдиктерди алып келди”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бирикменин негизги төрт максатынын бири - жумушчу күчүнө эркиндик берилип, эмгек миграциясынын шартын жөнөкөйлөтүү эле. Мурда дээрлик 1 миллиондой жараны Орусияда миграцияда жүргөн Кыргызстан үчүн бул мүмкүнчүлүк аябай маанилүү болгон.

Мекендештер баштапкы жылдары мындай эркиндикти сезгени менен Орусия Украинага кол салгандан жана "Крокус Сити Холлдогу" окуядан соң миграциялык талаптарын улам катаалдаштырып келет. Мындан тышкары чек араларда Кыргызстандан экспорттолуп жаткан товарлар күндөп кезек күтүп калган учурлар утур-утур кездешип турат.

Пайда менен зыяны бирдейби?

Чолпон-Ата шаарында 13-августта “Кыргызстан ЕАЭБдеги 10 жыл: жыйынтыктар, чакырыктар, перспективалар” аттуу илимий-практикалык конференция өттү.

Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстандын 2015-жылы ЕАЭБге киришинин стратегиялык маанисине токтолду.

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Акыркы он жылдын ичинде өлкө жаңы шарттарга ыңгайлашып гана тим болбостон, жалпы рынокто өзүнүн позициясын бекемдеп, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтип, инвестиция тартууга жана улуттук экономиканы кеңири аймактык контекстке интеграциялоого жетишти”, - деп белгиледи ал.

Амангелдиев ЕАЭБге мүчө болгон 10 жылдагы негизги жетишкендиктерге токтолуп, ИДӨнүн реалдуу өсүшү 56,4% (өкмөт бул аймактагы эң жогорку көрсөткүч экенин айтууда-ред.), айыл чарба продукциясын өндүрүү дээрлик 1,5 эсеге, биримдик боюнча өнөктөштөр менен товар жүгүртүү эки эсеге 2,5тен 5 млрд долларга чейин, Кыргызстандын продукциясынын экспорту 3 эсеге көбөйгөнүн айтты. Ал жетишкендиктери менен катар Кыргызстан адаптациялык кыйынчылыктардын этабын басып өтүүгө туура келгенин белгилеп, Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун экономиканы каржылоо жана технологиялык жактан жаңылоодогу ролун белгиледи.

Анткен менен уюмга кирүүдөн Кыргызстан көп жагынан утулганын айткандар да жок эмес. Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Абакиров уюмга киргендеги пайда менен зыянды салыштырып берди.

“Башында кыргыз мигранттары үчүн процедуралар, талаптар жеңил болчу. Украинадагы согуш, андан кийин "Крокустагы" окуядан улам бардык эле мигранттарга мамиле бирдей болуп калды. Кыргызстанда тигилген жеңил өнөр жай өнүмдөрү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзүлдү. Бирок бул пайдалар Казакстандын чек арадагы текшерүүлөрү, кезек күттүргөндөрү менен жуулуп кетти окшойт. Кытайдан реэкспорт үчүн казак тарап ар кандай тоскоолдуктарды кылып жатып, анын ичинде бизде өндүрүлгөн өндүрүшкө да зыяны тийди”.

Соңку жылдары кыргызстандыктардын Орусиянын аймагына кирүүсүнө тоскоолдуктар болуп, текшерүү күч алды. Москвага учуп барган кыргызстандыктардын ичинен ондогон жарандар түрдүү себептер менен Орусияга киргизилбей, артка кайтарылган окуялар көп.

Муну Москва ички коопсуздугу үчүн көрүлгөн чара деп түшүндүрсө, расмий Бишкек жарандарын ал өлкөнүн мыйзамдарын, киргизген чараларын так сактоого чакырып келет. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги талаптарды так сактабаганы үчүн сентябрда 90 миңдей кыргызстандык Орусиядан чыгарылышы мүмкүн экенин эскертти.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулганда өкмөт башчы болуп турган учурдагы Соода өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев март айында Орусиянын аба майданында уюмга мүчө өлкөлөрдүн жарандарына да тоскоолдуктар барын айтып, ЕАЭБдин талаптары аткарылбай жатканын Москвадагы бизнес-форумда көтөргөн.

"Мен бүгүн учуп келдим. Биз контролдук өткөрмө жайда 40 мүнөттөй күтүп калдык. Бул тартиптин жоктугу. Дагы бир жолу айтам, тартиптин жоктугу. Ал жакта Орусия эли үчүн башка, Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөр үчүн жана үчүнчү мамлекеттер үчүн деп бөлүп өткөрсө болмок. Уюмга ким кирбесе, кезекте күтүп турушсун. Себеби, биздин жарандар күн сайын чек арадан өтүп келет. Акыркы убакта Орусияда такай 425 миң кыргызстандык жашайт. Сезон учурунда 300 миңге жакын адам келет. Элестетсеңер, биз аларга кандай шарт түзүп берип жатабыз".

Анткен менен Евразия экономикалык комиссиясынын мүчөсү Арзыбек Кожошев Кыргызстан бул уюмга кошулуу менен “чөгүп” кетпегенин, тескерисинче бардык экономикалык көрсөткүчтөрүн ушул чечим аркылуу жакшыртканын “Спутникке” курган маегинде айтты.

“Биздин уюм али жаш – болгону 10 жыл болду. Он жашар баланы элестеткиле. Анын майда-барат, чечиле турган көйгөйлөрү болот. Негизгиси биздин мамлекет башчыларында саясий эрк бар. Дүйнөдөгү геосаясий кырдаал улам өзгөрүп жатат. Өз экономикасын өнүктүрүү борбору чыгышка ыкталып, Кытай менен Индия негизги кыймылдаткычка айланат жана аларга жакын жайгашканыбыз үчүн биздин өлкөлөргө да пайдалуу болот”.

"ЕАЭБдин сотуна кайрылган кыргыз ишкерлери жокко эсе"

Ишкердик тармагы боюнча юрист, ФинЮст консалтинг компаниясынын негиздөөчүсү Калыгул Салиев он жыл ичинде экономикалык интеграция оң жыйынтык көрсөттү, бирок биримдик кепилдеген айрым эркиндиктерде дале көйгөй бар деп эсептейт. Айрыкча товар жүгүртүүдө Казакстандын чек арасында жүк ташуучулардын кезек күтүп калганы, айрым техникалык регламенттердин, Орусиянын автоунааларга утилизациялык жыйымдар, маркирлөө сыяктуу талаптарынын кириши тоскоолдук жаратып жатканын мисал келтирди. Мындан тышкары уюмдун мүмкүнчүлүктөрү тууралуу ишкерлерге маалымат жетишсиз экенине токтолду.

“Уюмдун башкаруу органы Москвада жайгашкандыктан Кыргызстандан алыс. Бул мекеме менен иш алып баруу ишкерлерге оңой эмес жана маалымат алмашуу да татаал. Ал жерде Кыргызстандан барган адистер бар, алар менен кызматташууну жакшыртуу керек деп ойлойм. Андан тышкары ЕАЭБдин сотуна өз укугун коргоо үчун кайрылган кыргызстандыктар чанда кездешет, дээрлик жокко эсе. Бул боюнча ишкерлерге толук маалымат жете элек. Ошондуктан ишкерлерге сотко кайрылып, өз кызыкчылыгын коргоо мүмкүнчүлүгүн жакшылап жеткирүү зарыл”.

Экономист Эрлан Камалов он жылда уюм экономикалык интеграция процессин бир жолго салганын белгилеп, мындагы максаттар толук кандуу иштеши үчүн узак убакыт керек деген пикирде.

“Келечекте улуттук кызыкчылыктарды эске алуу менен алдыга жыла беришибиз керек деп ойлойм. Анткени кандай интеграциялык бирикме болбосун, изоляциядан калганга караганда өзүнүн кандайдыр бир пайдасын берет. Негизги маселе интеграциялык бирикмеде өз кызыкчылыктарыбызды, мүмкүнчүлүктөрүбүздү канчалык пайдала алганыбыз”.

Уюм тышкы саясат менен да сыналууда

Түзүлгөнүнө он жыл болгон уюм ички маселелери менен эле эмес, дүйнөдөгү геосаясий кырдаал менен да сыналып турган чагы. Украинадагы согуштан улам бирикменин негизги мүчөсү Орусияга санкциялар салынып, анын өнөктөш өлкөлөрүнө да талап күчөдү.

Ал арада Армения парламенти өлкөдө евроинтеграция процессин баштоо мыйзамын кабыл алганы да бирикменин келечеги тууралуу талкууларга жем таштады.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Бакытбек Жумагулов буларга токтолду.

“Евразия экономикалык бирикмесинин мындан аркы келечеги көп факторлордон, анын ичинде эң маанилүүсү Орусиянын жагдайына байланыштуу болот. Ал геосаясатта кандай кадамдарга барып, дүйнө менен алакасын калыбына келтиришине толук көз каранды болуп турат”.

2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. Кыргызстандын бул уюмга мүчө болгону боюнча нааразылыктар айтылып, Бишкекке Орусиянын таасири артып, энергетикалык ресурстар жагынан көз карандылыгы күчөгөнүн сынга алгандар бар.

Уюмдун түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгын утурлай, 14-15-августта Чолпон-Атада ЕАЭБдин өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өткөнү турат. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, саммитте өкмөт башчылар жалпысынан 20 маселени, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган товарлардын бажы наркын көзөмөлдөөнү, уюмдун 2025-жылга чейинки стратегиялык максаттарынын ишке ашканын талкуулашат.

Мындан тышкары биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитет жана Евразиялык экономикалык комиссиянын мунай, жаратылыш газынын жүрүшү, уюм ичиндеги рыноктордун атаандаштыгынын абалы жана башка маселер боюнча баяндамасы угулат.

"Көчөдө калдыкпы?" Оштогу соодагерлердин суроосу, мэриянын жообу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:33 0:00

Ошто буга чейин бузулган базарларда соода кылган 200гө чукул жаран жаңы базардан орун жетпей калганынына нааразы болуп чогулду. Алар шаардагы “Бостон”, “Бексултан” базарында, мурунку автобекеттин айланасында соода кылышчу. Шаар бийлиги базар жетекчилерине жер бөлүнүп берилгенин, маселени ошол жетекчилер чечээрин айтып жатат.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG