"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
Бишкек гарнизондук соту Исмаил Исаковго каршы козголгон кылмыш ишти карай баштап, бирок коомдук коргоочулары коюлган доо менен тааныш эместиктен ишти кароону 28-мартка которду.
2005-жылдагы март ыңкылабына чейин жана андан кийин буюртма менен бир нече белгилүү спортчулар мерт болгон.Маалыматтарда эгемендик жылдарында жалпысынан ушул жол менен отуздай спортчу жок кылынган.
Биринчи май райондук соту бир укук коргоочу жана үч саясатчыны коомдук тартипти бузду жана милицияга каршылык көрсөттү деп кармап, эскертүү менен бошотту.
17-мартта Кыргызстандагы көрүнүктүү коомдук ишмер, белгилүү адабиятчы окумуштуу Салижан Жигитов 73 жашка чыкмак. Учурунда Салижан агай “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бөлүмүн да жетектеген.
13-марттын таңында Аламүдүн капчыгайда болгон окуя боюнча расмий жыйынтык чыга элек. Жол кырсыгы деп саналып жаткан окуяда “Ауди-100” үлгүсүндөгү автоунаанын аман калганээси учурда милицияга сурак берүүдө.
Дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал жараткан 70 жагдай болсо, Кыргызстанда ошол кырдаалдын ондон ашыгы мезгил мезгили менен кайталанып турат. Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар жылдан жылга күчөп баратат.
Кыргызстандын Коргоо министрлиги 1-апрелден тарта 12 миң сом акы төлөгөн уланды аскерде кызмат өтөөдөн бошотот. Ага негиз берген мыйзамга президент өткөн айда кол койгон.
“Ачык саясат” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбеков жана БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдун уулу Эрниске Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголуп, суракка алынууда.
Кыргыз кыз-келиндер мурда топ тээп, катыша баштады. 2010-жылкы Азия Кубогуна талапкерлерди тандоо мөрөй талашуусуна жолдомо алышты.
“Акыйкат үчүн” кыймылынын лидери, БЭКтин Улуттук кеңешинин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловду бүгүн ИИМ тергөөчүлөрү камакка алышты. ИИМдин маалымат кызматы аталган саясатчынын тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк жараны өлтүрүлгөнү аныкталганы жөнүндө маалымат таратты. БЭК бул ишти саясий куугунтуктун жеткен чеги деп айыптоодо.
Эл каттоо акыркы жолу 1999-жылы жүргүзүлгөн. Бул сапар эл менен кошо турак-жайды да каттоо жүргүзүлгөнү жатат. Бул иш чара 24-марттан 2-апрелге чейин созулат.
“Репортер-Бишкек” гезитинин саясий баяндамачысы Сыргак Абдылдаевди белгисиз бирөөлөр бычактап кеткен окуядан кийин журналисттик уюмдар Кыргызстанда журналисттердин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө ачык кат менен президентке кайрылышты. Бул окуяга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна “Журналисттер” коомдук бирикмесинин жетекчиси Марат Токоев жооп берди.
Кыргызстанда 13 сууда сүзүү бассейини болгону менен жылытуу кымбат тургандыктан учурда беш-алтоо гана иштеп жатат. Алар дагы эл аралык талаптарга жооп бербейт.
18-февралдан бери Кытайдын Харбин шаарында студенттердин бүткүл дүйнөлүк кышкы универсиада оюндары өткөрүлүп жатат. Ага 46 мамлекеттен 4 миңге жакын атлет катышууда.
23-февралда Бишкектеги «Аккула» атмайданында ИИМдин Кубогуна арналган Көк-Бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды. Бул мөөрөй талашууга 13 команда катышты.
Мекенди коргоочулар күнүнө карата Бишкекте өткөрүлгөн хоккей боюнча шаардын биринчи чемпионатында баш байгени баш калаанын тандалма командасы жеңип алды.
21-февралда «Мекенди коргоочулар» күнүнө карата Бишкекте өткөрүлүп жаткан хоккей мелдешинин жеңүүчүлөрү аныкталат. Эгемендүү болгону Бишкектеги хоккей мелдеши күйөрмандарды арбын чогултту.
20-февралда Бишкекте эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи ирет шайба хоккей мелдеши башталды. Биринчи күнкү оюнда Жумгал районунун жана Бишкек шаарынын командасы утушка ээ болду.
20-февралда Бишкекте алгачкы ирет шайба хоккейи боюнча мелдештер башталат. Көп жылдык тыныгуудан кийин Кыргызстанда кайрадан хоккей оюну жандана баштады.
Кийинки жылдары өлкөдө топоз баккандар арбып баратат. Бирок анын тукуму майдаланып, мамлекеттик деңгээлде асылдандыруу маселеси чечилбей келүүдө.
Дагы жүктөңүз