"Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.
18-февралда Алматыда комбинацияланган пирамида бильярды боюнча дүйнө кубогунун таймашуулары башталат. Мында Кыргызстандын намысын төрт жигит коргойт. Буга дүйнөнүн 3 жолку чемпиону К.Сагынбаев барбады.
7-февралдан 13-февралга чейин АКШдагы Бойсе шаарында бүткүл дүйнөлүк кышкы атайын олимпиадалык оюндар өткөрүлдү. Олимпиадалык атайын оюндарга 95 мамлекеттен 3 миңге жакын атлет катышты.
Мурдагы Советтер Биримдигинин Ооганстандан өз аскерин чыгарганына бүгүн (15-февралда) жыйырма жылдын жүзү болду. Ооган согушунда курман болгон жоокерлерди эскерүү бүгүн Бишкектеги “Ата-Түрк” сейилбагында өттү.
Кыргызстанда “Санта Клаус жана анын достору” аттуу эл аралык экинчи фестиваль жыйынтыкталды. Бул фестивалга 16 өлкөнүн 20 Санта Клаусу жана жаңы жылдык каармандары катышты.
Нарын шаар мэринин байгесине арналган шайба хоккейинин мелдеши өттү. Кеңеш доорундагы “Алтын шайба” мелдештеринен кийинки отуз жылдык тыныгуудан кийин Нарында кайрадан хоккей оюну жанданды.
Өлкөдөгү айрым коомдук кыймылдар "Манас" авиабазасын чыгарбоо тууралу кайрылуу менен чыгышса, дагы бир катар саясий партиялар бул боюнча жакын арада кайрылуулар жасалаарын айтышууда.
Азиянын Чакырык Кубогунда быйыл атаандаш боло турган өлкөлөргө чүчүкулак кармалды. Мында Ооганстан, Палестина, Непал өлкөлөрү Кыргызстандын тандалма командасына атаандаш болду.
Кыргызстанда «Санта Клаус жана анын достору» аттуу эл аралык экинчи фестиваль башталды. Дүйнөнүн 16 өлкөсүнүн өкүлдөрү катышып жаткан бул иш чаранын ачылыш аземи бүгүн кечинде Улуттук филармонияда болмокчу.
Быйыл да 5-февралдан 8-февралга чейин өлкөдө «Санта-Клаус жана анын достору» аттуу эл аралык экинчи фестиваль өткөт. Бул иш чаранын максаты, эмне себептен кыргыз тайганы, Ысык-Көл, көкбөрү оюндары, кыргыз кол өнөрчүлүгү, салты табылга катары каралбай Санта Клауска басым жасалып жаткандыгы тууралуу кабарчыбыздын суроолоруна мамлекеттик туризм агентигинин жетекчиси Турусбек Мамашев жооп берди.
Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда дзю-до күрөшү боюнча өлкө чемпионатына 350 спортчу катышып, жеңүүчүлөрү аныкталды.
30-январда Бишкекте алты күндөн бери өтүп жаткан Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды.
Бишкектеги шаардык муз сарайында көркөм муз тебүү боюнча спорт чебердигине талапкер Карина Ураимованын өнөрүн спорт адистери сындан өткөрдү. Эми ал эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргомок болду.
Өткөн ишемби жана жекшемби күндөрү Жогорку Кеңештин мурдакы депутаты, маркум Эркинбек Матыевди эскерүүгө арналган хоккей мелдеши Жумгал районунун Чаек айылындагы Шортон муз аянтында өттү.
25-январда Кожомкул атындагы спорт ордосунда Улуу Ата мекендик согуштун баатыры Дүйшөнкул Шопоковду эскерүүгө арналган бокс боюнча эл аралык турнирдин күч сынашуулары башталды
24-январда Бишкекте грек- рим күрөшүнөн өлкөнүн быйылкы чемпиондору аныкталды.
23-январда Бишкекте грек-рим күрөшүнөн төрт салмак боюнча өлкөнүн чемпиондору аныкталды. Ошондой эле 24-январда дагы жигиттер күч сынашып, жаңы жеңүүчүлөр тандалат.
21-январда өлкөнүн спорт коомчулугу өткөн 2008-жылдын 10 мыкты спортчусунун ысымдарын расмий түрдө жарыялады. Мындан сырткары олимпиадалык түргө кирбеген спортчулардын мыктылары да аныкталды.
Москвада өтүп жаткан футболдон Шериктештер Кубогунда Кыргызстандын беш жолку чемпиону Нарындын “Дордой - Динамо” командасы өз тобунан чыга албай калды. Алар эки ирет тең чыгып, бир жолу жеңилди.
Бишкекте орус жана англис тилдеринде ачылган " Кыргыз Санта Клаус" веб-сайтынын бетачаары болду. Бирок жаңы маалымат булагында кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрү байкалбайт деген пикирлер да айтылууда.
Кыш чилдесинде тоолуу аймактарында ит-куш, карышкыр күч алып, төрт түлүк малга зыян кылууда. Ал түгүл Баткен облусунда адамга кол салган фактысы болду. Учурда 4 миңден ашуун карышкыр катталган.
Дагы жүктөңүз