Президент Садыр Жапаров 2026-жылдын 1-январына чейин мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарууга, ардак наамдарды жана мамлекеттик сый акыларды берүүгө мораторий киргизди.
Ага ылайык, мамлекеттик сыйлык жана ардак наамдар өлкөгө жана коомго пайда алып келгендерге мораторий учурунда президенттин демилгеси менен гана тапшырылат.
Мамлекеттик сыйлыктар тууралуу мыйзамга ылайык, сыйлыктарга жана ардак наамдарга сунуштамаларды өлкө президентине Жогорку Кеңеш, өкмөт, Жогорку сот, президенттик аппарат жана башка мамлекеттик мекемелер, акыйкатчы, кесиптик кошуундар бере алат.
Сунуштамаларды Мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссия карап, баа берет жана президентке сунуш киргизет. Соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган адамдар мамлекеттик сыйлыктарга же ардак наамдарга көрсөтүлбөшү керек.
Коомчулукта мамлекеттик сыйлыктар оңду-солду берилип, тааныш-билиш аркылуу алгандар да бар экенин айткандар бар. Ушундан улам мындай сыйлыктарга убактылуу тыюу салып, санын азайтуу демилгеси көтөрүлүп келет. (BTo)