Жакында УКМК Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Ушундай эле шек менен Өзгөндө дагы райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кармалды.
Мамлекеттик кызматтагы харассментти ашкере кылуу канчалык маанилүү?
Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иштеген кызматкер жумушта бир нече ирет жетекчилеринен ыдык көргөнүн айтып, Акыйкатчы институтуна кайрылды. Министрликтин бөлүмдөрүнүн биринде иштеп, харассменттин айынан иштен кеткен кыз атын ачык жарыялабоону өтүндү. Ал жумушта үч ай гана иштегенин, жетекчиликке арызданганы менен колдоо таппай, тескерисинче куугунтук, психологиялык басымга туш болгонун айтып берди:
"Материалдык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы бар болчу. Экөөбүз жумуш тууралуу сүйлөшүп жатканбыз, анан эле менин көкүрөгүмө колун койду. Бул эмне кылгыныңыз десем, менин көзүмө карап, каткырып күлдү. Экинчиси болсо... Абдан жаман абалда калдым. Адамдын жеке чегин аттап жатышат. Бирок, алар муну аңдашпайт. Кадимки эле болуп жүргөн эле нерседей экен да. Мамлекеттик кызматты кээ бирлер жеке күркө кылып алышат. Өздөрүндө иштеп жүргөндөрдү басмырлап... Айрыкча кимди басмырлашат? Аялзатты басмырлайт экен".
Дагы караңыз "Кичинемде кордошкон". Сексуалдык ыдык көргөн кыздардын муңуАвгуст айынын башында эле бул өндүү бир нече окуя коомчулукка белгилүү болду. Атайын кызмат 7-августта Ош облусунун Өзгөн райондук соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн башчысы кол алдындагы кызматкерине сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кармалып, ага “Сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлоо” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.
Жабырлануучу арызында шектүү кол астында иштеген кызматкерге WhatsApp мессенжеринен адепсиз билдирүү-сүрөттөрдү жөнөтүп, күч колдонуп сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого мажбурлаганын жазган.
Мындан тышкары 29-июлда Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун судьясына да ушундай эле берене менен кылмыш иши козголгон.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Тийишүүнүн кесепети же харассментке каршы тур
Шектүүлөрдүн жакындары жана адвокаттары комментарий бере элек.
Бул окуялардан кийин Жогорку Соттун төрагасы Медербек Сатыев жыйын куруп, бул көрүнүштү айыптады.
Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыев
“Бир кумалак бир карын майды чиритет дегендей, кээ бир судьялардын мыйзамсыз аракеттери жана этикага каршы жүрүм-турумдары жалпы сот системасынын аброюна көлөкө түшүрүүдө. Мисалга алсак, жакында эле Октябрь райондук сотунун судьясы Жаркынбек Кыдырбаевге байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан кабар коомчулукта терс пикирин жаратты”.
Акыйкатчы бир жарым жыл ичинде жумуш ордунда сексуалдык ыдык көргөн эки аял арыз менен кайрылганын маалымдады. Мекеме "эл эмне дейт?" деген аң-сезимден улам мындай окуялардын кобү көмүскөдө кала берерин, аялдар көбүнчө арыз жазбай турганын билдирди.
Былтыр февралда Кыргызстан “Жумуш ордунда ыдык көрсөтүүгө каршы” конвенциясына кошулганы аялдар аз да болсо колдоону сезип калды дейт акыйкатчынын орун басары Айчүрөк Назаралиева.
"Бүгүнкү күндө мыйзам тарабынан көйгөй бар. Анткени, мыйзам чегинде ыдык көрсөтүү квалификацияланган эмес, так айтканда мааниси так жазылган эмес. Кандай учурлар ыдык болуп каралары. Бирок бүгүн иштер жүрүп жатат. Эмгек жана миграция министрлиги мыйзамды иштеп чыгып Жогорку Кенешке жөнөтөт. Былтыр Ысык-Көл жактан кайрылуу болгон, бирок кийин иш элдешүү менен бүткөн. Негизи ушундай аракеттерди ачык айтпасак, социалдык тармак болобу, же башкалар аркылуу көңүл бурбасак бул иштер акырын жокко чыгарылып, жабылып калып жатат. Мындай учурлар көп эле кездешет".
Адистер ар дайым жабырлануучуларды арыз жазууга чакырып келет. Юрист Атыр Абдырахматова өзү дагы харассментке туш болгонун жашырбайт. Ал жабыркаган аялдарды сөзсүз милицияга барып, кылмышты каттатууга чакырат.
Атыр Абдрахматова
"Биздин 2025- жылы июлда күчүнө кирген жаңы Эмгек кодексинде ошол ыдык каралган. Тогузунчу беренеде “Эмгек чөйрөсүндө басмырлоо, анын ичинде эмгек чөйрөсүндө зомбулук, ыдык көрүүгө дуушар болгон ” деп так жазылып турат. Бул аябай чоң жетишкендик. Буга кошумча биздин мыйзамда кепилдик бар, сөзсүз түрдө милицияга кайрылыш керек, андан сырткары акыйкатчыга кайрылыш керек. Анын макамы кең, анан эл аралык келишимдер менен иш алып барат".
Күч түзүмдөрүндө ыдык көргөн окуялар тууралуу так статистика жок. Бир нече жыл мурда Соттордун Ассоциациясы бул боюнча изилдөө жүргүзүп, Кыргызстанда ар бир төртүнчү аял харассментке, тийишүүгө кабыла турганын билдирген.
Психологдор мындай мамилеге туш болгон аялдар өмүр бою коркуу сезими менен жашап кала=арын белгилеп, кызмат ордунда аялдарды коргоо, алдын алуу чараларына көңул бурууга чакырып келишет.