Ош облусунун Кара-Суу районундагы Октябрь айылында жаңы салып жаткан турак үйлөрү сүрдүрүлгөн 10дон ашык жаран президенттин Ош облусундагы өкүлүнө кайрылды. Алар аталган жер тилкесине 2018-жылы токтом чыгып, элге бөлүнүп берилгенин, учурда жашап жаткандар да бар экенин айтып жатышат.
Бишкектеги Көк-Жар жаңы конушуна жакын жерде мыйзамсыз салынган турак-жай жана башка имараттарды мэрия буздура баштады. Көк-Жардагы 172-контурда үй-жай салган жарандар президентке чейин кайрылууда. "Сностун" жүрүшү, Көк-Жардагы 172-контурдун тагдыры тууралуу “Эксперттер талдайтта” талкуулайбыз.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкек шаарына келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 10-августта маалымдады.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.
Бишкектин Көк-Жар конушунун 172-контурунда жашаган тургундар президент Жапаровго, УКМК төрөгасы Ташиевге кайрылды. Буга чейин ал жердеги мыйзамсыз делген курулуштарды бузуу учурунда бир нече кишини милиция кармап кеткен.
Женнифер Лопестин Казакстан менен Өзбекстандагы концерттери үчүн канча каражат жумшалганы расмий жарыяланган жок. Ал эми Арменияда ага бюджеттен миллиондогон доллар коротулганы коомчулукта нааразылык жаратты.
Бишкектин Көк-Жар-2 конушунда мыйзамсыз делген турак-жай курулуштары түрттүрүлүп жатат. Буга нааразы болуп топтолгон жарандардын айрымдарын милиция кармап кетти.
Ошто Ак-Буура дарыясынын жээгиндеги корук аймагына жана канал боюна мыйзамсыз салынган курулуштар бузулууда. Мэрия алардын арасында саясатчыларга, мурдагы жетекчилерге таандык жайлар бар экенин билдирүдө.
Санкт-Петербург облустук бийлигинин жаңы токтомуна ылайык, мигранттарга такси жана жеткирүү кызматтарында иштөөгө тыюу салынды. Чечим күчүнө кире электе эле бул тажрыйбаны бүткүл Орусияга киргизүү сунушталууда.
Беш баланын энеси, 38 жаштагы Айзирек Эралиеваны өлтүрүүгө айыпталган күйөөсү 18 жылга кесилди. Маркум келиндин жакындары шектүүнү өмүрүнүн аягына чейин камоону талап кылышкан.
Кыргызстандын айрым жогорку окуу жайларында ондогон студенттин окуудан айдалышы билим берүү тармагындагы олуттуу көйгөйлөрдү ачыкка чыгарды. Эксперттер бул көрүнүштү "жел студенттерге" каршы күрөш катары баалап жатса, атайын кызмат мыйзам бузууга шектүүлөрдү териштирүүдө.
Орусияда көзөмөл реестрине же "кара тизмеге" кирген кыргызстандыктардын саны 103 миңден ашты. Мигранттар бул реестрден чыгуу түйшүк жаратып жатканын, тоскоолдуктар бар экенин айтууда. Элчилик мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын билдирди.
Дагы жүктөңүз