Рита Карасартованын иши боюнча соттук отурум дагы жылдырылды

Рита Карасартова сот залында.

15-августта Бишкектин Свердлов райондук сотунда абакта жаткан укук коргоочу Рита Карасартованын иши боюнча соттук жараян шектүүлөрдүн бири келбей калгандыктан кайрадан жылдырылып, кийинки отурум 25-августка дайындалды. Ушундай эле негиз менен 11-августта да соттук процесс болбой калган.

Рита Карасартовага козголгон кылмыш ишин тергөө июль айынын башында аяктаган. Укук коргоочунун кызы Касиет Мамырбай кылмыш ишине “жашыруун” грифи коюлганын билдирген. Сот буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Укук коргоочу 14-апрелде кармалып, үйү тинтүүгө алынган. Ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта жатат. Рита Карасартова кармалышын жарандык активист Тилекмат Кудайберген уулуна (Куренов) таандык делген катты өзүнүн социалдык баракчасына жарыялаганына байланыштырган.

Прокуратура Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Массалык башаламандыктар”) 3-пункту ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") боюнча айып тагылганын жарыялаган.

Укук коргоочунун кармалышына байланыштуу бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигин аны бошотууга чакырып келет.

Рита Карасартова Кемпир-Абад ишине байланыштуу да камалып, бир нече саясатчы менен кошо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда акталып, эркиндикке чыккан. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбек өкмөтү өлкөгө эвакуацияланган палестиндерге социалдык колдоо көргөзөтНарында дарыяга машинеси менен түшүп кеткен айдоочунун сөөгү табылдыОрусия менен Украинанын түнкү чабуулдарынан каза болгондор, жарадарлар барПрезидент Жапаров ЕАЭБдеги айрым тоскоолдуктар тууралуу айттыHRW кыргыз бийлигин Рита Карасартованы абактан чыгарууга чакырдыПрезидент там-ташы бузулгандарга ипотекалык үй берүүнү тапшырганын айттыАскер бөлүктөрүнүн биринде жоокер кокустан атылган октон каза болду