Чолпон-Атада Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны башталды. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин, Казакстандын өкмөт башчысы Олжас Бектенов, Беларустун премьер-министри Александр Турчин катышууда.
Саммитке байкоочу катары Ирандын биринчи вице-президенти Мохаммад Реза Ареф, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов жана Кубанын премьер-министри Мануэл Марреро Крус келген. Өкмөт башчылары алгач расмий түрдө сүрөткө түшүү аземинен кийин жыйын залына киришти.
Уюмдун дагы бир мүчөсү Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян жыйынга катышпай турганы белгилүү болду. Анын басма сөз катчысы муну премьер-министрдин эмгек өргүүсүндө болгону менен түшүндүрдү.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары 14-августта жабык эшик артында сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Бүгүн ачык форматтагы жыйында жалпысынан 20дай маселе каралары, анын ичинде үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган товарлардын бажы наркын көзөмөлдөөнү, уюмдун 2025-жылга чейинки стратегиялык максаттарынын ишке ашканын талкууланары кабарланган.
Мындан тышкары биржалык сооданы өнүктүрүү программасын бекитет жана Евразиялык экономикалык комиссиянын мунай, жаратылыш газынын жүрүшү, уюм ичиндеги рыноктордун атаандаштыгынын абалы жана башка маселер боюнча баяндамасы угулат.
2010-жылы Орусия, Беларус жана Казакстандын катышуусу менен түзүлгөн Бажы биримдиги 2015-жылы Евразия экономикалык биримдиги болуп өзгөрүп, ага Армения жана Кыргызстан кошулган. (TAb)