Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:39

Камчыбек Ташиев Даниел Ажиевдин жубайына батир, автоунаа берди


Камчыбек Ташиев Даниел Ажиевдин жубайына батир, автоунаа берди.
Камчыбек Ташиев Даниел Ажиевдин жубайына батир, автоунаа берди.

19-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев вебкам иши боюнча тогуз жылга абакка кесилген Даниел Ажиевдин жубайы Наргиза Ажиевага батирин кайтарып, автоунаа берди.

Наргиза Ажиева 29-июлда социалдык тармактардагы баракчаларынан президент Садыр Жапаровго кайрылуу жасап, жолдошунун мамлекетке конфискацияланган турак жайлардын бирин жашоосу үчүн берүү маселесин карап чыгууну суранган.

Атайын кызмат анын оор илдетке чалдыккан баласы бар экени эске алынып, жаңы автоунаа да берилгенин кошумчалады.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Даниел Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160 (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161 (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261 (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Даниел Ажиевдин мамлекетке алынган мүлкүнүн жалпы баасы 262 миллион сомду түзгөнү белгилүү болду.

Даниел Ажиев менен кошо айыпталгандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган. Дагы бир шектүү кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.

Атайын кызмат 2023-жылы июнда Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Ал 2023-жылы 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылып жатканда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG