Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү


Саламаттык сактоо министрлиги.
Саламаттык сактоо министрлиги.

Чолпон-Ата шаарындагы “Ала-Тоо” пансионатында ур-токмоктон каза болгон 24 жаштагы Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмүнүн себептерин иликтөө боюнча Саламаттык сактоо министрлигинде комиссия түзүлдү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын башчысынын орун басары Улукбек Эшеновдун сөзүнө караганда, 16-августка караган түнкү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Атадагы “Ала-Тоо” эс алуу жайында адамдар мушташып жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барганда Алтынбек Абдыжапаров жана анын кесиптеши болгон. Алар өспүрүмдөр сабап кеткенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Укук коргоо органдары жабырлануучуну райондук ооруканага алып барып, медициналык кароодон өткөрүп, кайра “Ала-Тоо” пансионатына жеткирген. Алтынбек Абдыжапаров 16-августта каза болуп калган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча 14, 17 жана 19 жаштагы үч өспүрүм кармалып, эки айга камалганын кабарлады. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Маркумдун агасы дарыгерлер инисин ооруканага жаткырбай койгонун айтып, ишти иликтөө өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал “дарыгерлер убагында медициналык жардам көрсөтсө иним аман калмак” деп айтып жатат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG