Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:08

Чолпон-Атада 24 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча үч өспүрүм кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чолпон-Ата шаарындагы эс алуу жайларынын биринде каза болгон 24 жаштагы Алтынбек Абдыжапаровдун өлүмү боюнча 14, 17 жана 19 жаштагы үч өспүрүм кармалганын билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, 16-августта Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө Чолпон-Атадагы окуя тууралуу маалымат түшкөн.

Баштапкы териштирүүнүн жыйынтыгында маркум кесиптештери менен Бишкек шаарынан эс алууга келгени, эс алуучу жайдын аймагында белгисиз адамдар менен пикир келишпестик чыгып, денесинен жаракат алып, кийинчерээк каза болгону аныкталган.

Окуя болгон жерден далил буюмдар табылып алынган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Денеге оор залал келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кармалган шектүүлөр соттун чечими менен эки айга камалды.

Маркумдун агасы дарыгерлер инисин ооруканага жаткырбай койгонун айтып, ишти иликтөө өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылды. Ал “дарыгерлер убагында медициналык жардам көрсөтсө иним аман калмак” деп айтып жатат.

2023-жылы Бостери айылында Бекбол Аманкулов аттуу жигит көл жээгинде каза болгон. Маркумдун туугандары ал ур-токмоктон мерт болгонун, милиция анын өлүмүн талма оорусу менен байланыштырганга аракет кылып жатканын айтып чыгышкан. Көп өтпөй бул окуянын териштирилишин Садыр Жапаров көзөмөлүнө алган.

2024-жылы бул иш боюнча төрт киши 15 жылдан абакка кесилген. (BTo)


Шерине

XS
SM
MD
LG