Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Август, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:17

Вашингтондо Дональд Трамп менен Владимир Зеленский жолукту


АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Ак үйдөгү жолугушуу алдында, 18-август, 2025-жыл
АКШ президенти Дональд Трамп менен Украинанын лидери Владимир Зеленский Ак үйдөгү жолугушуу алдында, 18-август, 2025-жыл

Ак үйдө АКШнын президенти Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленский жолукту.

Ак үйдүн алдынан тосуп алган Трамп жолугушуу башында Зеленскийге сапары үчүн ыраазычылык билдирип, Украинада тынчтык орнотууда жылыш бардыгын айтты. Кошмо Штаттардын президенти эгер баары өз нугунда кетсе, Украина, Орусия жана АКШ президенттеринин катышуусунда үч тараптуу жолугушуу уюштуруларын шардана кылды. Зеленский андай кездешүүгө даяр экенин билдирди.

Трамп Украина боюнча туруктуу тынчтык келишимине жетишүү зарылдыгына токтолду. Ал орус президенти Владимир Путин да жаңжалдын аякташына кызыкдар деген ишенимде экенин кошумчалады. Бирок тынчтыкка жетүү үчүн канча убакыт керек экенин америкалык лидер айткан жок.

Президент Трамп Украинанын коопсуздугун камсыздоого Кошмо Штаттар катышарын билдирип, ал кандай формада ишке ашарын тактаган жок. Бирок америкалык президент Украинанын коопсуздугу үчүн кепилдик берүүдө Европа негизги милдеттемени алышы керектигин белгиледи.

Зеленский Украинада туруктуу тынчтык орношу керек деген оюн кайталады. Ал өлкөдө президенттик шайлоо болорун, бирок согуш шартында аны уюштуруу мүмкүн эмес экенин кошумчалады. Украин лидери Трамптын жубайы Меланияга багытталган катты тапшырды. Буга чейин Мелания Трамп президент Украинадан чыгарылган балдардын тагдырына күйүп, Путинге жазган катын Аляскадагы саммитте америкалык лидер орус президентинин өз колуна тапшырганы кабарланды.

Трамп менен Зеленский жолугушуудан соң жарым саатка жакын журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Бул жолку эки лидердин жолугушуусу февралдагы кездешүүгө караганда жылуу маанайда өтүп жатканы айтылды. Февралдагы жолугушууда Трамп менен Зеленский кайым айтышып, сүйлөшүү мөөнөтүнөн мурда аяктаган эле.

Шерине

XS
SM
MD
LG