Бул сүрөттөр айтылуу Каркыра жана анын жогору жагындагы Чымынды-Сай жайлоосунан тартылган. Жайлоо заманга жараша кыйла өзгөргөн. Малчылар тоонун чокусунда жатып алып эле спутник аркылуу каалаган каналын көрүшөт. Эң кызыгы жаңы ойлонуп табылган дөңгөлөктүү мончо чабандарды күн алыс сууга салып турат.
Жайлоодогу дөңгөлөк мончо

21
Чабандар күндүз антенналарын спутникке ылайыктап алышат. Энергия генератордон алынат. Жаан өтпөшү үчүн боз үйдү жарнама таарларын жаап коюшат.

22
Чабандар чогулуп алып Бразилиядагы футбол боюнча дүйнө биринчилигин көрүп жатышат. Табак антеннелар малчылардын каалаган каналын көрүүсүнө мүмкүнчүлүк ачкан.

23
Кыргыздын азыркы көк бөрү оюнунун эрежелерине баш ийбеген улак тартышы.

24
Бул уламышка айланган Санташ. Маалыматтарга таянсак, амир Тимур (Тамерлан) XV кылымда жортуулга баратып жоокерлеринин санын билүү үчүн ар бирине бирден таш чогултууга буйрук берет. Бул жердеги он миңдеген таш жоокерлердин санына барабар. Санташтын жанындагы айыл Түп районунда жайгашкан 3-ферма айылы деп аталат.

25
Санташтан анча алыс эмес бул жерге мындан 2-3 жыл мурда казактар Чокон Валихановдун эстелигин орнотушкан. Кийинчерээк жергиликтүүлөр эстеликти омкоруп ордуна 1916-жылдагы улуу үркүнгө арнап эстелик тургузушкан.