"Газпром нефть - Азия" журналисттер үчүн Бишкек-Ош түштүк экспедициясын уюштуруп, түштүккө күйүүчү май ташуу түйшүгү менен жакындан тааныштырды. 15 саатка созулган узак жолдо жол азабын май ташуучу машинелерге отуруп алып өз жон терибиз менен сезип келдик. Түштүккө ташылган күйүүчү майдан 90 пайызы кара жол аркылуу ташылат. Күйүүчү майлар Кыргызстанга 2009-жылга чейин Омскиден түштүккө темир жол аркылуу түз ташылчу. Бирок ташылып келаткан кара майдын өзбек-тажик чек арасында жоготууга учурашы жана чек арадагы маселелер кара жол менен ташууга аргасыз кылган.
Бишкек-Ош: кара майдын маршруту

21
Ала-Бел ашуусунан өткүчө машинелердин дөңгөлөктөрүнө чынжыр байлашат. Кышкысын жолдор тоңуп, жол жүрүүнү биртоп оорлотот.

22
Чынжырдын кадырын жол тайгак болгондо билесиң.

23
"Газпромдун" эң бийиктеги май куюучу жайы Суусамырда жайгашкан. Ал деңиз деңгээлинен 2300 метр бийиктикте. Алыскы аймактардагы май куюучу жайлар жергиликтүү эл үчүн дүңүнөн алчу дүкөндүн да ролун аткарат.

24
Бишкек-Ош жолундагы кышкысын эң кооптуу аймак Көчкү-Булак деген жер. Аты айтып тургандай көчкү кабат-кабат болуп түшүп турат. Көчкү түшкөн убакта айдоочулар бир жумалап жолдо түнөөгө туура келет.

25
Оштун башкы символдорунун бирине айланган "тико".

26
Бишкектеги күйүүчү-майлоочу май менен Оштогу айырмачылык бир жарым сомду түзөт.

27
Ош шаарындагы нефтебаза.