Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев 14-августта 90 жашында көз жумду.
Женнифер Лопестин Казакстан менен Өзбекстандагы концерттери үчүн канча каражат жумшалганы расмий жарыяланган жок. Ал эми Арменияда ага бюджеттен миллиондогон доллар коротулганы коомчулукта нааразылык жаратты.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жаңы гимндин текстинин беш варианты тандалып алынганын билдирди. Мындай чечим 25-июлда гимнди өзгөртүү үчүн түзүлгөн мекеме аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынганы айтылды. Эми ал тексттердин музыкасына кайра сынак жарыяланмакчы.
Казакстанда 1930-жылдардын башындагы ачарчылыктан эки миллиондой киши кырылган. Көчмөндүк турмушта күн кечирген казактардын колундагы төрт түлүк малын тартып алып, күчтөп отурукташтыруунун аягы чоң кесепетке алып келген.
Казакстандык белгилүү ырчы, аткаруучу Димаш Кудайбергенге "Кыргызстандын Эл артисти" наамы ыйгарылды. Ага бул наамды 22-июлда IV "Мейкин Азия" музыкалык фестивалынын соңун утурлай мамлекеттик катчы Марат Иманкулов тапшырды.
Дүйнөдө кино көрөрмандар түштүк кореялык “Кальмар оюндары” тасмасынын үчүнчү сезону тууралуу кызуу сөз кылып жаткан чакта, кыргызстандык белгилүү режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара, кызыл, сары” тасмасы Шанхайдагы эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды.
Жети-Өгүздүн Тосор айылында Кыргызстандын бардык аймагындагы калемгерлердин башын кошкон "Омор Султанов - поэзиянын султаны" аттуу маданий иш-чара өттү. Анда акындын ырлары окулуп, ырдалды. Омор Султановдун кыргыз поэзиясына салган чыйыры айтылды.
Изилдөөчүлөр байыркы жылкы тукуму саналган кыргыз жылкысы жоголуу коркунучунда экенин айтууда.
Жамы дүйнө окурмандарына "1984" антиутопиялык романы менен таанылган Жорж Оруэллдин адабият тууралуу "Мен эмне үчүн жазамын?" эссейи кимди да болсо кайдыгер калтырбайт.
Таанымал режиссер Актан Арым Кубаттын “Кара Кызыл Сары” тасмасы Шанхайда өткөн эл аралык кинофестивалда “Эң мыкты тасма” аталды. Режиссер “Азаттыкка” кеңири маек куруп, Баткенде тартылган соңку тасмасы, келечек пландары менен бөлүштү.
Жогорку Кеңеш каникулга кетердин алдында “Мамлекеттик тилди колдонуу маселелери жөнүндө” талаш жараткан мыйзамды экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды.
Дагы жүктөңүз