Орусияда көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калган 91 миң жараны 10-сентябрдан кийин өлкөгө кайтарылышы мүмкүн. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, 5-февралда Орусияда жаңы укуктук режим киргизилгенден бери мындагы чет элдиктерди текшерүү күч алган.
Бишкек мэри калаадагы "Ататүрк" паркындагы курулган үйлөр бузулбай, ал жактагы турак-жай ээлери паркты өнүктүрүү үчүн акча берерин билдирди.
Кошмо Штаттардын миграциялык мыйзамдарын бузганы үчүн депоратицияланган 25 кыргызстандык 9-августта атайын каттам менен Бишкекке жеткирилди.
Өкмөт мобилдик аппараттарды каттоону УКМК көзөмөлдөрүн билдирди. Кыргызстанда чөнтөк телефондорду милдеттүү каттоо өткөн жылы июнь айынын этегинде башталган. Анда өкмөт аткезчиликтин алдын алуу, телефон уурдоо жана шылуундукту жок кылууну көздөп жатканын түшүндүргөн.
Газадагы "Аш-Шифа" ооруканасынын жанында израил армиясынын (ЦАХАЛ) соккусунан "Ал-Жазира" телеканалынын беш журналисти набыт болду. ЦАХАЛ журналисттердин бири Анас аш-Шариф Батышта террордук деп таанылган ХАМАС радикал тобунун "уюгун жетектеген" деп билдирди.
Украинадагы согушта жоготуулар көбөйгөнү орус бийлиги абактагыларды, армия курагына жеткендерди, алыскы региондордон этностук азчылык өкүлдөрүн жана борбор азиялык эмгек мигранттарын майданга күчтөп жалдоо тактикасын бекемдеп жаткандай.
Израилдин Коопсуздук кеңеши Газа шаарын оккупациялоо планын жактырды. Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху ЦАХАЛ Газа тилкесине толук аскердик көзөмөл орноторун билдирген. Тель-Авивдин мындай билдирүүсү эл аралык коомчулукта жана Израилдин өзүндө кескин сынга кабылды.
Көк-Жар конушундагы 172-контурунда курулуштарды бузуу учурунда кармалган беш киши он күнгө камалды. Конуштун тургундары бийлик башчыларына кайрадан кайрылды. Шаар мэри Айбек Жунушалиев мыйзамсыз делип, үй-жайы бузулгандардын маселесин чечүү үчүн президентке сунуш бергени маалым болду.
Украинадагы согушта орус күчтөрү колдонгон дрондорду чогулткан “Алабуга Политех” окуу жайына тапшырган кыргызстандык студенттер арбын. Алар окуу жайга онлайн оюн аркылуу тандалып алынган. “Азаттык” бул улан-кыздардын ата-энелери менен маектешти.
Коррупцияга айыпталган мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Орусиядан кармалып, 7-августта Кыргызстанга жеткирилигенин ИИМ ырастады. Бир күн мурун Сайпидинов чуулгандуу билдирүү таратып, УКМКнын төрагасы Ташиевге кайрылган эле.
АКШ лидери Дональд Трамп Орусиянын президенти Владимир Путин келерки аптада жолугушары кабарланды. Бул Ак үйдүн Украинада урушту токтотуп, тынчтыкка жетүү үчүн Москвага койгон ультиматуму аяктап жаткан маалга туш келүүдө
Кыргызстандын бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары, коррупцияга айыпталган Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Орусиянын Новосибирск шаарында кармалганын өзү кабарлады. Ал УКМКнын төрагасы Ташиевге кайрылып, "Матраимов мени жок кылганы жатат" деп айтты.
Дагы жүктөңүз