"Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы. Ош мамлекеттик университетин аяктаган.
Баткендин Кайтпас айылында жашаган Давлатовдордун үй-бүлөсүнүн төрт келини Өзбекстандын жараны. Чек арага жакын айылга 30 жыл мурун Өзбекстандан келип отурукташкан үй-бүлө кыргызча каада-салт менен той өткөрүп, жергиликтүү болуп калганын айтышат.
Баткендеги Өзбекстан менен чектеш Кайтпас айылынын тургундары бир топ жылдардан бери “чек арадагы” айыл макамын ала албай, убара тартып келген. Себеби, андай статус ыйгарылса, бала бакча, маданият үйү жана мектеп сыяктуу социалдык мекемелерди курууга көңүл бурулмак. Эми анысы жок деле маселе оң жагы
Баткен шаарында муниципалдык менчикте делген имаратта жашап жаткан экинчи топтогу майып, эки кыздын энеси менен жергиликтүү бийлик имарат талашып, иши сотко чейин жетти. Балдар бакчасына айлантабыз деген жүйөө менен жергиликтүү бийлик майып Туйгун Боронованы үйдөн чыгаруу аракетинде.
Баткен районунун Өзбекстан менен чектеш Согмент айылында эки күн катары мен чөп жыйналган эки короо өрттөндү. Жергиликтүүлөр бул өрттү кимдир бирөө чек аралаш аймакта чыңалуунун күчөтүү үчүн атайылап жасаган болушу мүмкүн деп шектенип жатышат. Чек аранын эки тарабындагы кошуналар 2012-жылкы жаңжалд
Тарыхый мекенине туруктуу жашап калуу үчүн келген этникалык кыргыздардын саны арбын болгону менен алар үчүн кээ бир маселелер түйшүк жаратат. Тажикстандан Баткенге көчүп келген кээ бир үй-бүлөлөр дагы деле кошуна өлкөнүн дарыгерлерине кайрылууга мажбур.
85 жаштагы Баткен шаарынын тургуну Суксур Бурканова 2016-жылдын 10-ноябрынан бери пенсия алууга чыгып кеткен бойдон дайынсыз. Акыркы жолу кечке жуук тоо тарапка баратканын көргөндөр болгон. Аталган тоолордо милиция кызматкерлери издөө иштерин башташты.
Кыргызстанда калктын өсүшүнө же азайышына таасир эткен кандай факторлор бар?
Баткендин Кара-Бак айылында эле 300гө жакын аял “Баатыр Эне" наамын алган. «Эне Даңкы» төш белгиси менен сыйлангандар да арбын. Айыл тургундарынын басымдуусу алты-жети бала багып жатканын көрүүгө болот.
Баткен облустук ооруканасында кардиология, урология бөлүмдөрү, көз текшерген адистер жок. Облустук деген аты гана болбосо, бул эски имаратта адамдардын саламаттыгы үчүн күн сайын күрөшкөн дарыгерлердин штаттык түзүмү да өзгөрбөптүр.
Борбор Азияда жакырчылыкты кыскартуу долбооруна ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек аралаш аймактарында 500 карыга 15 даана тоок жети айга жетчү жеми менен берилди. Мындан тышкары каалоочулар күнөскана иштетүүгө мүмкүнчүлүк алды.
Жергиликтүү бийликтин аймактарды өнүктүрүү багыттары, аракеттери менен көйгөйлөрү "Азаттыктын" апта темасында.
Ааламды курчаган интернет кызматынан пайдалангандардын саны Кыргызстанда 5 миллионго чамалап барды.
Баткенде эрте никеге турууга каршы мектеп окуучулары театр-форум уюштурду. Жашы он сегизге чыкпай туруп үй-бүлө курууга мажбурлоо, зордук-зомбулукка кабылган секелектерин маселеси аймакта актуалдуу турат, андыктан коомчулуккаулуу муунга тарбиялык таасири болсун деп ушундайды жасап жатабыз дешет
Кадамжайдагы май айында жүргөн селдин зыянын жоюу иштери толук бүтө элек. Ушул жылдын 28-май күнү катуу сел жүрүп, беш кишинин өмүрүн алган. Андан сырткары бир канча турак жай, жолдор жана суу түтүктөрү жараксыз абалга келген. Кадамжай сурма комбинатынын саркынды суу кетүүчү түтүктөрү да жабыркаган.
1970-жылдан бери иштебей калган коргошун заводунун айынан Кадамжай районунун Советское айылынын тургундары ден соолугубуз жабыркап жатат деп даттанышууда. Зыяндуу калдыктар ташталган аймак ачык бойдон калып, көмүлбөй турушунан сөөк оорулары менен жабыркагандар көбөйгөн. Мындан сырткары тиш оорулар
Кадамжай районундагы фестивалга алманын 20дай сорту, андан жасалган суусундуктар жана тамак-аштын түрлөрү коюлду.
Айтылуу "Ак-Турпак" күрүчүн оруп түшүм жыйноо иши башталды. Кырман көтөрүп, алгачкы түшүмдү базарга алып чыккандар баа жылдагыдан арзан болуп, мээнет араң акталып жатканын айтышат. Баанын түшүп кетүүсүнүн себеби тажикстандык жана өзбекстандык соодагерлерге ортомчулар аркылуу сатылып жаткандыгында д
Баткен районунун Зардалы айылынын тургундары балыкты кол менен кармашат. Эч кандай кайырмак же атайын шаймандар керектелбейт. Болгону кадимки кол каптарды кийип алып эле суу боюн жээктеп балык уулай беришет. Сапарали Тилабердиев балык уулоону мурда керектүү куралдар менен жүргүзсө, соңку 2-3 жылдан
Баткен облусунда жалыпысынан 700 гектардай жерге насывай тамекиси айдалат. Жасалган насывайдын дээрлик көпчүлүгү Орусия, Тажиксан, Өзбекстанга экспорттолот. Абди Айкынов насвай жасап базарга дүң баада өткөрүүчүлөрдүн бири. Ал өзүнүн насвай жасоо жолун айтып берди. Быйыл жыл башында Жогорку Кеңештин
Дагы жүктөңүз