"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Шаршембиге караган түнү Киевде ИИМдин атайын күчтөрү менен “Бүркүт” тобу Евромайданды курчоого алып, чабуул койду. Атайын операция башталгандан кийин Майданга келгендердин саны кескин арбып, күч кызматкерлери өз аракетин токтотту.
19-ноябрда Москвада Бажы биримдигинин комиссиясынын жыйыны өтүп, анда Кыргызстанды бул уюмга кабыл алуунун жол картасы бекитилди. Биримдикке кирген үч өлкө даярдаган документ Кыргызстан менен макулдашылбагандыгын экономика министри Темир Сариев “Азаттыкка” берген маегинде белгиледи.
"Центерра Голд" компаниясынын президенти Ян Аткинсон Кумтөр кенине байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.
Кыргыз өкмөтү менен “Центерра Голд” компаниясы "Кумтөр" боюнча биргелешкен ишкана түзсө, киреше 80% ашык көбөйөт.
Президент Обама Сирияга аскерий операцияны баштоо өтүнүчү менен Конгресске кайрылды.
Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондору менен Нарындын Кочкор райондорунда суу каптоо болуп, сел жүрдү. Табигый кырсык келтирген чыгым жарым миллион сомго чукул деп бааланууда.
Акыйкатчы институтунун түзүлгөнүнө 10 жылдан ашты.
АКШдагы Akin Gump юридикалык фирмасы Максим Бакиевге каршы кылмыш ишти кайра ачуунун үстүндө иштеп жатат.
Экономика жана өнүгүү министри Темир Сариев АКШда мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевге тиешелүү делген банк эсептери камакка алынышы боюнча суроолорго жооп берди.
Египетте эмне болду? Аскерий кутум, мамлекеттик төңкөрүш же ыңкылаптын экинчи толкунубу?
Орусиянын Бажы академиясы жана Федералдык коопсуздук кызматынын академиясында дагы кыргызстандык улан-кыздар билим алышат.
Борбор Азия боюнча америкалык эксперт Москва Кыргызстандын маанилүү институттарын көзөмөлдөөнү көздөөдө деп эсептейт.
13-майда Лондондо сот Максим Бакиевди АКШга экстрадициялоо өтүнүчүн карамак. Ага жетпей, 9-майда Кошмо Штаттардын Юстиция департаменти Максим Бакиевге каршы ачылган кылмыш иш кыскарганын билдирип, себебин түшүндүргөн жок.
“Фридом Хаус” уюму “дүйнөдө сөз эркиндиги мындан 10 жыл мурдагы эң төмөн деңгээлине түшкөнүн” билдирди.
АКШнын Мамкатчысы Жон Керри Ирандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүнүн мөөнөтү азайып баратканын эскертти.
Жогорку Кенеш жаш балдарга сексуалдык ыдык көргөзгөн адамдарды жазалоо боюнча мыйзам долбоорун даярдады.
Кытайдын Борбор Азия боюнча узак мөөнөттүү стратегиясы аймактын бийликтерине, эксперттерине, калкына канчалык белгилүү?
Тараза ташында турган маселе – экологиялык зыян жана салык өлчөмдөрү.
34 өлкөнү катуу кысмакка алган келишимден Орусия, Канада, Жапония 1 жыл мурун чыгып кеткен. АКШ аны ратификациялаган эмес.
Лондондун Вестминстер сотунда судья Максим Бакиевдин ишин сот өндүрүшүнө кабыл алды. Кийинки соттук жыйын 2013-жылдын 13-майына белгиленди.
Дагы жүктөңүз