"Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.
Эквадордо жекшембиге караган түнү болгон катуу жер титирөөдөн каза тапкандардын саны 270тен ашты. Ар кандай жараат алгандардын саны 2 миңден арбын, алардын саны дагы көбөйөт деген кооптонуу айтылууда.
Кыргыздын таанымал өнөр чеберлери Ала-Тоодон Европага диалог жана достук сапарына аттанып, ар кайсы өлкөлөрдө жашаган мекендештер менен жолугуп баарлашып, комуздун коштоосунда ыр тартуулап кайтышты.
Беларус, Молдова жана Борбор Азия өлкөлөрүндө саясий партиялар менен бизнес чырмалышып, кеңири кулач жайган, тамырлашкан саясий коррупцияны түздү.
"Чет элдик агенттер" тууралуу мыйзам долбоору февраль айында Жогорку Кеңеште экинчи окууга коюлат. Авторлор долбоор мамлекеттин коопсуздугун жана бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыз кылууга багытталганын жүйө кылышкан.
11-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” фракциясынан эки, “Ата Мекенден” бир депутатты мандатынан ажыратты. Фракциянын чечими менен мандатынан ажыраган депутаттар сотко кайрыларын билдиришти.
Cуннилер жашаган Сауд Арабия менен шииттер түзгөн Иран ортосундагы тирешүү жалпы регионго кандай таасир этет? Бул аймактагы кырдаалды, Жакынкы Чыгыштын саясий картасын өзгөртөбү?
Эки өлкөнүн тиреши күчөгөн сайын Улуттар Уюму баш болгон эл аралык коомчулук Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөргө кандай кедергисин тийгизет деп тынчсызданууда.
“Азаттык” 2015-жылдагы дүйнөлүк илим менен техникага салым кошкон ачылыштарга кыскача сереп салат.
Францияда 13-ноябрдагы кандуу чабуулдардан кийин өзгөчө кырдаал киргизилди. Бордо шаарында жашаган, Борбор Азия элдеринин маданиятын иликтеген илимий борбордун жетекчиси Давид Гаүзер өлкөдөгү соңку кырдаал тууралуу телефон аркылуу учкай айтып берди.
Узап бараткан аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Борбор Азия өлкөлөрүн кыдырып, беш мамлекет башчы менен жолукту. Жаңы жарыяланган АКШнын Борбор Азияга көмөктөшүү программасы ушул тапта кызуу талкууланууда.
Эл аралык байкоочулар миссиясынын башчысы, элчи Борис Фрлец “Азаттыкка” курган маегинде шайлоо системасында байкалган мүчүлүштүктөргө токтолду.
ЕККУ жана ПАСЕнин 250дөн ашуун байкоочусу Кыргызстанда өткөн парламенттик шайлоого назар салды. Эл аралык байкоочулар миссиясынын маалымат катчысы Томас Раймер “Азаттыкка” атайын маек курду.
Бүгүн жарандар үчүн биометрикалык маалыматтарды тапшыруу соңуна чыгат. Бишкек жана Ош шаарларында кошумча ачылган участоктордо шайлоочуларды каттоо дагы ушул күнү аяктайт. Жер-жерлерде административдик ыкмалар колдонулуп жатканы айтылууда.
Советтик доордо Кыргызстанды чейрек кылым жетектеген Турдакун Усубалиев 7-сентябрда 96 жаш курагында дүйнө салды.
Кыргызстан АКШ менен 1993-жылы кол коюшкан кызматташуу тууралуу келишимди бузду. Дээрлик чейрек кылым алакасы бар эки өлкө үчүн мунун кесепети кандай болот?
Кыргыз өкмөтү АКШ менен 1993-жылкы өз ара кызматташтык боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу ниетин билдирди.
“Хабитат-Кыргызстан” кайрымдуулук фонду 15 жылдан берки тарыхында эл аралык донорлордун каражаты менен 15 миң муктаж үй-бүлөгө үй куруп же үй-жайын оңдоп-түзөп берген. Cоңку 10 жылда 500дөн ашуун чет элдик ыктыярчылар Кыргызстанга келип, бул долбоорлорго катышкан.
Борбор Азиядагы чек ара суу ресурстарын пайдалануу маселелери боюнча Дүйшөмбүдө эл аралык конференция өтүүдө. Ага катышып жаткан Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев суу ресурстарын чогуу пайдалануу маселесин көтөрүп, сууну сактоо, жеткирүү жана башкарууга кеткен чыгымдар акталышы керектигин белгиледи.
“Шоро” деген ат Кыргызстанда бир жолу болгон чет өлкөлүктөргө да тааныш. Ал эми соңку беш-алты жылда Кыргызстанга келген туриcттер менен меймандар “Супара” ресторанында болуп, кыргыздын улуттук тамак-ашынан ооз тийип, ага суктанганын жашырбайт.
8-майда Москвада Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсүн шарттаган соңку документтерге кол коюлду. Буга утурлай "Азаттык" алматылык экономист Марат Каирленовго бир катар суроолор менен кайрылды.
Дагы жүктөңүз