Гүлнура Орусияда өсүп, ошол жерде билим алганына карабай, үй-бүлөсүн, жакшы айлыгы бар ишин таштап, Кыргызстанга жол тарткан. Ата-энесинин каршылыгына карабай мекенине сапар алган кыз ушул тапта нандын түрлөрүн даярдаган чакан ишкананын ээси.
Жума намаз үчүн түшкү тыныгууну эки саатка узартуу сунушу азыркы учурда кыргыз парламентинде кызуу талкууланууда. "Азаттык" бул тууралуу элдин пикирин сурады.
"Ыңгайсыз суроо" берүүсүндө аңчылыктын күңгөй-тескейин, чуулуу, кан менен аяктаган окуяларды сөз кылабыз.
Бишкек шаарынын тургуну Эрнист Жумагулов биринчи топтогу майып. Ага мамлекет бир бөлмөлүү батир берген, бирок алган 4000 сом жөлөкпулу үй-бүлөсүн бакканга жетпейт. Көзү азиз болсо да базарда ырдап, төрт баласын эч кимден жардам сурабай багып келет.
Ишеналы Арабаев атындагы университеттин жатаканасынан 11-апрелде болжол менен саат 11:50дө өрт чыкты. Өрттү өчүрүүгө эки машине тартылды. Имараттын 80 чарчы метр аянтын өрт жалмап, изге ууланып 14 адам 4-шаардык ооруканага жаткырылды.
2010-жылы 7-апрель окуясынын күбөлөрү “Азаттыкка” алты жыл мурдагы окуяларды айтып беришти. Кандуу окуянын катышуучулары кайрадан калкты калайманга түшүргөн андай окуя кайталанашын каалашпайт.
Бүгүн Бишкек Парк соода борборунда 7-апрель Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата карылардын катышуусундагы флешмоб болуп өттү. Акция карылардын бийи менен башталып, кийин каалоочулар бекер кан басымын ченетип, кан тапшырып, канындагы шекердин көлөмүн өлчөштү.
Бүгүн Ак үй алдында кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн соңку кырдаалга байланыштуу нааразылык акциясы өттү. Ага "Жаңы муун", "Кыргыз чоролору" жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү, башы-аягы 30дай адам катышты.
Бүгүн Ак-Кула ат майданында көкбөрүчүлөр беттешти. 15-мартта башталган оюндардын жыйынтыктоочу финалдык оюну бүгүнкү Нооруз майрамына туш келип, финалда Чүйдүн "Сары Өзөнү" менен Оштун "Достук" командалары беттешип, "Сары Өзөн" жеңүүчү болуп аныкталды. Кыргыздын байыркы улуттук оюну Айбек Кулчумановдун фотобаянында.
Президент Алмазбек Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков жана премьер-министр Темир Сариевдин катышуусунда Бишкектеги ботаникалык бактын тегереги тазаланып, көчөт отургузулууда. Ишембилик учурунда президент журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Нарындын бир нече айылынын жашоочулары З000 метрден ашык бийиктиктеги Солтон- Сары жайлоосунда он күндөп жатып алтын казышат. Алардын басымдуу бөлүгү Эмгекчил айылынын жашоочулары. Эл арасында "алтынчылар" деп аталган мыйзамсыз кенчилердин жазылбаган өз мыйзамы бар.
“Калыс-Ордо” жаңы конушу 2002-жылы негизделген. 2015-жылга карата андагы калктын саны 6347 адамды түздү. Эски мектептин тардыгынан окуучулар класстарда бир партада үч-төрттөн отурат.
“Азаттыктын” суроолоруна жооп берген Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Тайырбек Сарпашев Ош шаарында жана башка аймактарда боло турган жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык, универсалдуу паспорт тууралуу ой бөлүштү.
Оорулуу апасын инисине кошуп баккан 13 жашар Айчүрөк азыр жаңы батирде жашап, 8-мартты алгач ирет майрамдап жатканын айтып берди. Айчүрөк жакында эле Орусиянын “Биринчи каналынын” атайын программасына тартылып келген. Айчүрөк тууралуу “Азаттык” жазып чыккандан
Бүгүн 7-март күнү Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында пикет болду. Надежда Савченко аттуу украин учкучуна колдоо көрсөтүп, активист Өндүрүш Токтонасыров пикетке чыкты. Ал Орусия бийлигинен Савченкону бошотууну талап кылды.
Бүгүн Бишкектин №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда маммография кабинетиндеги дарыгерлер аялдарга акысыз кеңеш беришти. Иш-чара эмчек рагынын алдын алуу максатында өткөрүлдү. Жылына Кыргызстанда 500гө чукул аялда эмчек рагынын залалдуу шишиги аныкталып, алардын 17 пайызы өтүшүп кеткени билинет.
Кичинекей Анара 12 жаштагы байкеси жана апасы менен Бишкектин Келечек жаңы конушундагы төрт чарчы метрлик батирде жашайт. Анара сегиз жашка толсо да, эмгиче мектепке бара элек. Буга кыздын өнүгүүсү кечеңдеп жатканы себеп.
Цирк артисттери жашоосун тобокелге салып иштегени менен айырмаланышат.
9-февралда кечки саат онго жакын Элебаев менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы салынып жаткан 13 кабаттуу үйдө өрт чыкты. Өрт өчүрүүчүлөрдүн айтымында, "тилсиз жоого" электр жабдуулары себеп болгон.
Акыркы кездери коомчулукта дарыгерлердин шалаакылыгынын айынан бейтаптардын алды өлүмгө кабылып, арты майып болуп калып жатат деген кескин дооматтар көбөйдү. Адистер тиешелүү мыйзамдардын жоктугунан улам, дарыгерлерге катаал чаралар көрүлбөй калып, ал өз кезегинде дарыгерлердин адамдын саламаттыгына
Дагы жүктөңүз