Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев “жазуучу болом деп дегеле ойлогон эмесмин” дейт. Анын негизги кесиби – тоо инженери. Кыргыз адабиятына алтымышынчы жылдары кирип, "Кыздын сыры", “Бакир”, “Көз ирмемдеги өмүр”, “Арман” "Көкөй кести" ж.б. аңгеме, повесть, романдары менен таанылган. “Сызма геометрия” окуу куралын кыргыз тилинде жазган. Жазуучунун өмүрүндө өтөгөн иши, замандаш-калемдештери, мекендин, кыргыз тилинин, карылыктын кадыры тууралуу акыркы маеги.
Өскөн Даникеев: Мен бактылуумун
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев 14-августта 90 жашында көз жумду.
Кыргыз Эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Өскөн Даникеев менен "Азаттыктын" акыркы маеги 2023-жылы февраль жаздырылган. Маекти Бурулкан Сарыгулова алган.