Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов кармалды

Жапарбек Ормонов.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун 15-августтагы чечими менен Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 4-сентябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Аны камакка алуу өтүнүчүн сотко Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматынын тергөөчүсү берген. Соттун маалыматына ылайык, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен айып тагылууда.

Жапарбек Ормоновго козголгон кылмыш иши тууралуу ИИМ азырынча маалымат бере элек.

Жапарбек Ормонов бул кызматка 2023-жылы дайындалган. Ага чейин Чолпон-Ата шаарынын мэри, Оштун вице-мэри, Ош шаардык кеңешинин төрагасы болгон. 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесинен ат салышкан.

Анын жакындары менен адвокаттары акыркы окуя тууралуу комментарий бере элек. (BTo/KS)

Дагы караңыз

Зеленский Трамп менен жолугуу үчүн Вашингтонго бардыОрусиянын соккусу Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийип, беш кишинин өмүрү кыйылды Жарандык активист Бекназар Айталиев 6-октябрга чейин камалдыМинистрлик мал-жандыкты экспорттоо азайганын билдирди“Кыргызфильмдин” директору кызматтан кетүү боюнча арыз жазды