Reuters: Аляскадагы сүйлөшүүдө Путин Крымды Орусияныкы деп таанууну сунуштаган

Дональд Трамп жана Владимир Путин Аляскадагы сүйлөшүүдөн соң билдирүү жасап жатышат. 15-август, 2025-жыл

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трамп менен Аляскадагы жолугушуу маалында Украинадагы согушту токтотуунун шарттарынын бири катары аннексияланган Крым жарым аралын Орусияныкы деп таанууну талап кылган. Бул тууралуу Reuters агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты. Анда Крымды Орусияныкы деп АКШ эле таанышы керекпи же Украина жана Европанын башка өлкөлөрү да дал ушундай шартка көнүшү керекпи, так айтылган эмес. Reuters сүйлөшүү маалында Путин Орусияга киргизилген санкциялардын кеминде бир бөлүгүн жокко чыгарууну да сунуш кылганын кабарлады.

Орус президенти сунуштаган вариантка ылайык, Херсон жана Запорожьедеги фронт сызыгынын учурдагы абалда сактап, ок атууну токтотуу үчүн Украина Донецк, Луганск облустарындагы аскер күчтөрүн толугу менен чыгарып кетиши керек. Расмий Киев мындай сунушка көнбөсүн, өз аймагынан аскерлерин чыгарбай турганын билдирди.

DeepState долбоорунун маалыматы боюнча, Орусия учурда Донецк жана Луганск облустарында 440 чакырым аймакты көзөмөлдөп турат. Ал эми Украина болсо Донбасстагы 6600 чакырым аймакты өз көзөмөлүнөн чыгара элек.

Аляскадагы сүйлөшүүлөр маалында Орусиянын жетекчилиги Украинанын айрым аймактарында орус тилине расмий макам берүүнү жана Орус православ чиркөөсүнүн ишмердигине тыюу салбоону да сунуштаган.

15-августта Аляска штатындагы Анкориж шаарында АКШнын президенти Дональд Трамп менен орус президенти Владимир Путиндин жолугушуусу өттү. Анда Украинадагы согушту токтотуу маселеси сүйлөшүүнүн башкы күн тартибинде болду. Жолугушууну эки президент жемиштүү деп сыпаттаганы менен Трамп Украинадагы согушту токтотуу боюнча келишимге жетише албаганын билдирди.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы жана шарттары тууралуу 18-августта Украина жана Европанын бир нече лидери Вашингтонго барып, АКШ президенти Дональд Трамп менен талкуулашат. АКШ бийлигинин Орусия менен сүйлөшүүлөрүндө маанилүү ролду ойноп жаткан Трамптын атайын чабарманы Стив Уиткофф CNN телеканалына маегинде Москва Украинанын беш аймагы боюнча "айрым чегинүүлөргө" макул болгонун, бул маселелер Вашингтондо Зеленский менен сүйлөшүүлөрдө талкууланарын билдирди.

Дагы караңыз

Израилде туткундарды бошотуу, согушту токтотууну талап кылган акция өттү “Кыргызфильмдин” директору кызматтан кетүү боюнча арыз жазды