Ишембинин кечинде Сербиянын бир катар шаарларында өлкөнүн президенти Александр Вучичтин кызматтан кетишин талап кылган демонстранттар менен полиция кагылышты.
Валево шаарында акцияга чыккандардын бир тобу башкаруучу Серб прогрессивдүү партиясынын кеңсесин өрттөдү. Полиция аларды таратуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду, демонстранттар фейерверк атып жатышты.
Полиция менен кагылышуулар Сербиянын бир нече шаарларында, Валеводо, ордо калаа Белградда, экинчи чоң шаар саналган Нови Садда да орун алды.
Серб полициясы жекшембиге караган түнү полиция бөлүмдөрүнө 56 адам жеткирилгенин, алардын 16сы кармалганын билдирди. Алты полиция кызматкери жеңил жараат алган.
Студенттик уюмдар башында турган серб оппозициясы тогуз айдан бери нааразылык акцияларын өткөрүп келет. Каршылык акциялары 1-ноябрда Нови-Сад темир жол бекетинде бетон чатыр урап, 16 адамдын өмүрүн алгандан кийин башталган.
Демонстранттар күнөөлүүлөрдү жазалоону, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоону талап кылып жатат.