Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн бир чакырымдай жээгин жөө кыдырганда таштанды толуп, таза жер жок экенине күбө болгонун 17-августта Фейсбуктагы баракчасына жазды.
Ал жээкке 100 метрге чейин автоунаалар кирбеши керек деген эреже сакталбай жатканын айтты:
"Абдан өкүнүчтүү. Ысык-Көл бизге бүгүн эле керектей колдонобуз. Тартипсиздер менен баарлашып көрүп, 20-30, 40, 50 жылдан кийин да урпактарыбызга таза табият керек деген нерсе бир дагы жараныбыздын оюна келбей турганын билип абдан өкүндүм. Бизден кийинки муундарга да табият керек экенин унутпагыла. Урматтуу кыргызстандыктар, келгиле табиятыбызды таза сактайлы. Өзүңөрдүн таштандыны өзүңөр жыйнай кетсеңер колуңар сынып калбайт го акыры. Табият силерге бүгүн эле керектей колдонбогула да",- деп жазды Жапаров.
Ал элди табиятты тазалоого коргоого чакырып, бул көрүнүш бир эле Ысык-Көлдүн айланасына эмес, бүтүндөй өлкөдөгү эс алуучу жайларга, жайлоолордо жашаган жарандарга, жергиликтүү элге, кыргызстандыктардын баарына тиешелүү экенин белгилеген.
“Ысык-Көл” биосфералык аймагы Кыргызстанда мыйзам менен өзгөчө корголгон улуттук маанидеги табигый аймак болуп эсептелет. 2001-жылы ЮНЕСКОнун “Адам жана биосфера” программасынын алкагында Бүткүл дүйнөлүк биосфералык резерваттар тутумуна киргизилген. (KS)