Кыргызстанда жети айда 9,5 миң айдоочу мас абалда кармалды

Иллюстрация сүрөт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы ушул жылдын жети айында спирт ичимдигин ичип рулга отурган 9 миң 534 айдоочуну кармап, тийиштүү протокол түзгөн. Бул тууралуу аталган кызматтын ыкчам кеңешмесинде айтылганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Башкармалык Кыргызстан боючна 2025-жылдын жети айында жалпы 689 миң 248 жол эрежелерин бузган айдоочуну аныктаган.

Алардын ичинен:

- мас абалында унаа башкарган 9534 айдоочу;

- ылдамдыкты ашырып айдаган 106миң 965 айдоочу;

- терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 4432 айдоочу;

- тийиштүү документтери жок унаа башкарган 25 114 айдоочу;

- автоээнбаштык жасаган 805 айдоочу;

- каршы тилкеге чыгып айдаган 13 433айдоочу

Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 93 миң 313 унаа убактылуу айып короосуна токтотулган.

Кыргызстанда машинаны мас абалында айдаганы сотто далилденген жарандар айдоочулук күбөлүгүнөн 1 жылга ажыратылат. Эгер кайрадан ушундай эле мыйзам бузуу үчүн кармалса 3 жыл машина айдоого укугу жок болот. Мындан тышкары 7 суткага чейин камакка алуу же айыппул салуу да каралган. Адистер өлкөдө адам өлүмүнө алып келген жол кырсыктарынын саны өсүп жатканын белгилешет. Былтыркы маалымат боюнча, соңку үч жылда жол кырсыгынан 2,5 миңдей адам каза тапкан, алардын 300дөн ашыгы балдар. (KS)

Дагы караңыз

Трамп Украинага НАТОнун бешинчи беренесиндей коопсуздук кепилдигин сунуштаганы айтылды Жеңиш чокусунда каза болгон альпинисттин сөөгү Караколго жеткирилди, эвакуация уланууда Ноокенде өз жанын кыйды деген келиндин өлүмү иликтенүүдө