Трамп Украинага НАТОнун бешинчи беренесиндей коопсуздук кепилдигин сунуштаганы айтылды

АКШ Москва менен тынчтык келишимине жетишилген учурда Украинага жамааттык коргонуу жөнүндөгү НАТОнун бешинчи беренесиндей коопсуздук кепилдигин сунуштады.

Ал эгерде жаңы согуш тутанса, кепил болгон мамлекеттер агрессорго куралдуу жооп кайтарат дегенди түшүндүрөт.

Бул тууралуу The Telegraph гезити Италиянын премьер-министри Жоржа Мелони Трамп менен сүйлөшкөндөн кийин жазды. Ушул темада талкуу болгонун CNN менен "Украинская правда" да ырастады.

Telegraph жазганына караганда, Вашингтондун сунушуна ылайык мындай кепилдикти Украина бир гана АКШдан эмес, Европадагы башка өнөктөштөрдөн да алат. Москва буга макул экени кабарланууда.

2022-жылы мындай кепилдиктер Москва менен Киевдин ортосундагы тынчтык келишиминин долбооруна киргизилген. Анын баштапкы вариантына ылайык, АКШ, Орусия, Улуу Британия, Франция жана Кытай кепил мамлекеттер катары тизмеге кошулушу керек эле. Киев Түркияны, ал эми Москва Беларусту кошууну каалаганын Foreign Affairs журналы жазды.