Рязанда курал-жарак заводундагы жарылуудан каза тапкандар 11ге жетти

Рязань облусундагы "Эластик" курал-жарак заводунун порох сактоочу жайындагы жарылуудан кийин уранды тазалоо иштери

"Эластик" курал-жарак чыгаруучу заводдогу жарылуунун курмандыктары 11 кишиге жеткенин Рязань облусунун губернатору Павел Малков билдирди.

15-августта менен курал-зарак заводунун цехинде өрт чыгып, жарылуу болгон. Цехтин имараты толук талкаланган. Буга техниканын бузулганы себеп катары көрсөтүлгөн.

130 киши жабыркап, алардын 29у ооруканага жаткырылган. Кырсыкка байланыштуу Рязань облусунда 18-август аза күтүү күнү деп жарыяланды.

2010-жылы да заводдун ок-дары чыгарган цехинде өрт чыгып, жарылууда бир нече адам жабыркаган.

2023-жылдын 18-августунда да ок-дары цехинде болгон жарылуунун натыйжасында бир нече адам каза таап, 130 киши түрдүү жаракат алган. Бул окуя заводдун тарыхындагы эң ири кырсыктардын бири болуп калган.

Рязандагы курал-жарак чыгаруучу бул завод 1960-жылдардан бери иштеп келет. Завод алгачкы он жылга чукул убакытта синтетикалык жиптерди өндүрүп турган. Андан кийин курал-жарактарды жана аскердик буюмдарды өндүрүүгө адистешкен. Өндүрүлүп жаткан продукциянын номенклатурасы ачык айтылбайт, анткени завод мамлекеттик коргонуу буйрутмаларын аткарат. (KS)