Индия, Пакистан, Непалда катуу жамгыр, суу ташкыны 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алды

Пакистандын Сват өрөөнүндөгү Мингора шаарында селден кийинки көрүнүш. 16-август, 2025-жыл.

Нөшөрлөп жааган жамгыр күтүүсүз селди ала келип, Кашмирдин Индияга караштуу бөлүгүндө, Пакистан менен Непалда 400дөн ашуун киши набыт болду, дагы жүздөгөн тургун дайынсыз. Пакистандын Хайбер Пахтунхва чөлкөмүндө жергиликтүү бийликтер ишембиде 321 кишинин өлүмүн ырасташты. Куткаруучулардын тикучагы кырсык каптаган аймакка кулап түшүп, анда бараткан беш киши курман болду.

Кашмирдин Индия көзөмөлдөгөн бөлүгүндө 60 кишинин өлүмү катталды, 200дөн ашуун адам табыла элек. Алардын көбү зыяратка келген саякатчылар. Непалда 41 киши каза тапканы кабарланды, дагы 121 адам ооруканага жеткирилди.

Бул аймактарда адатта июндун аягында тынбай жааган жамгырлар сезону болот. Быйыл июнда Непалдын тоолуу райондорунда ондогон үйлөрдү суу ташкыны агызып кеткен. Эксперттер жылдан жылга климаттын өзгөрүүсү бул чөлкөмдөгү табигый кырсыктарды көбөйтүп, сел, топурак-ташты кошо агызган суу ташкыны мурдагыдан кыйла олуттуу зыян келтирип жатканын эскертишет.