Жалал-Абадда никаб кийип жүргөн жети кыз-келинге айып салынды

Жалал-Абад шаарында өткөн рейд.

Жалал-Абад шаардык ички иштер башкармалагынын кызматкерлери рейд өткөрүп, коомдук жайларда никаб кийип, жүзүн толук жаап жүргөн жети кыз-келинге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Мамлекеттик бийлик органдарынын мекемелеринде жана коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырууга тыюу салуу” беренеси менен 20 миң сомдон айып пул салды.

Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалагынын басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров быйыл январь айында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамга кол койгон. Бул документке ылайык, үймө-үй кыдырып даабат айткандарга, коомдук жайларда жүзүн жашырган кийим кийгендерге 20 миң сомдон айып пул салынат.

Никаб - аялдардын көзү гана ачылган, калган жүзүн жаап турган баш кийим. Айрым мусулман аялдар никабды хижабдын эң жакшы түрү деп эсептешет. (BTo)

Дагы караңыз

Трамп: Путин менен жолугушуу жемиштүү болду, бирок келишимге жетишкен жокпузПрезидент там-ташы бузулгандарга ипотекалык үй берүүнү тапшырганын айттыНөшөрлөгөн жамгыр, суу ташкыны Индия менен Пакистанда 100дөн ашуун кишинин өмүрүн алдыПрезидент мамлекеттик сыйлыктарды берүүгө мораторий киргиздиРита Карасартованын иши боюнча соттук отурум дагы жылды