Былтыр декабрь айында Өзбекстанга Газа тилкесиндеги уруштарда жараат алган 100дөй аялдар менен балдар алынып келинген. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин жардыгына ылайык, аларды өкмөт бекер бала бакча, мектеп, медициналык тейлөө менен камсыздоого милдеттенме алды. Балдардын окуусу, ар кандай кошумча сабактары 2028-жылдын 1-январына чейин бардык төлөмдөрдөн бошотулат, 18 жаштан өйдө курактагылар иш менен камсыздоо программасына кошулат.
Бардык палестин качкындарына бир ай ичинде Өзбекстанда туруктуу жашаганга уруксат берген документтер берилет, кесиптик билими барлардын дипломдору ушул мөөнөттө таанылышы керек. Палестиндердин жаш балдарына Өзбекстанда жашы жете электерге берилчү төлөмдөр, социалдык камсыздоо, атайын жардам берилет. Бул программага сарпталчу каражат үчүн атайын фонд ачылып, ага катардагы жарандардан, эл аралык уюмдардан гранттык акча чогултулат, - деп жарыяланды Ташкенттеги маалымат жыйынында.