Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Бишкек, Ош шаарларында жана облус, райондордо эттин баасын бекитти.
Ага ылайык, Бишкекте 1 кг уйдун эти 680 сомдон, койдун эти 670 сомдон кымбат болбошу керек. Ош шаарында уй жана койдун эти 680 сомдон ашпашы зарыл. Калган аймактарда эт 620-690 сомго чейин деп белгиленди.
Өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Мындай чечим баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн продукциянын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында кабыл алынган.
Кыргызстанда быйыл эттин баасы кымбаттап кетти. Май айында Улуттук статистика комитети январдан бери уйдун этинин баасы 6%, койдун эти 10,9% жана жылкыныкы 7,1% жогорулаганын билдирген. (BTo)