Казакстандын Коргоо министрлиги Польшада кармалган адам казак аскердик дипломаты экенин ырастады

Польшанын ички коопсуздук кызматы (ABW) маал-маалы менен чет элдик тыңчы деп шектелген адамдар кармалганын билдирип турат.

Польшанын ички коопсуздук агенттиги 1-августта мурдагы СССРден бөлүнүп чыккан азиялык мамлекеттердин биринин жараны тыңчылыкка шектелип кармалганын билдирген. Быдгощ шаарында кармалган адам европалык өлкөлөрдүн бириндеги элчиликте иштеген аскердик чалгындоо кызматынын офицери экени айтылган. Польшанын улуттук радиосу кармалган адам 15-марттан бери Варшава жана Быдгощ шаарларында аскердик чалгындоо маалыматтарын чогултуп жүргөнүн, ал үчүн азыр үч айга камакка алынганын кабарлаган.

Шаршембиде Казакстандык бир катар маалымат агенттиктери Польшада кармалган адамды Казакстандын Украинадагы аскердик атташесинин жардамчысы Ануар Б. деп жазышкан. Анын дипломатиялык кол тийбестиги Украинанын аймагы менен чектелээри кабарланды. Польшанын бийликтери ал кайсыл мамлекеттин кызыкчылыгында тыңчылык кылган деп шектелип жатканын тактай элек.